ВЬЕТНАМ СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ

ВЬЕТНАМ СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ (ВСР), Вьетнам — Түгя.-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Инди-Кытай ж. а-нда. Жери Чыгыш жээги б-ча (Кытай чек арасынан Камау тумшугуна чейин) 1650 км ге созулат; аймагынын туурасы 50 ден 600 км ге чейин. Түш. Кытай деңизи ж-а анын Бакбо (Тонкий) булуңу м-н чулганып жатат. Кытай, Лаос, Кампучия м-н чектешет. Аянты 332,6 миң км2. Калкы 50 млн-го жакын (1976). Борбору — Ханой ш. (калкы 1 млн-дой). Админ. жактан 35 провинцияга. бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. ВСР — соң. мамлекет. Мамл. бийликтин жог. ж-а закон чыгаруучу органы — бир пала-талуу Улуттук чогулуш (УЧ), ал 4 жылга шайланат. Мамл. бийликтин дайыма иштөөчү органы — УЧтун туруктуу комитети. Мамлекет башчысы — президент, аны УЧ 4 жылга шайлайт. Ал Улуттук коргоо советинин да пред-ли. Президент зарыл учурда консультациялык органды — Өзгөчө саясий кеңешмени чакырат. Мамл. бийликтин аткаруучу ж-а тескөөчү жог. органы —■ Өкмөт совети. Бардык админ.-аймактык райондордо мамл. бийликтин органы — элдик советтер. Алардын аткаруучу органдары — аткаруу комитеттери. Жог. сот инстанңиялары — Элдик жог. сот. Элдик жог. прокуратура закондуулуктун сакталышын көзөмөлдөйт. Табияты. Жеринин көбүн (4/5 бөлүгүн) тоолор ж-а бөксө тоолор ээлейт. В-дын түн. бөлүгүнүн эң бийик жери Хоапгльеншон кырка тоосундагы Фанши чокусу (3143 м); эң узун кырка тоо—Чьюнгшон (ЗОО км). В-дын түш. бөлүгүнүн тоолору көтөрүңкү узата тилкелерден турган кеңири массивди түзөт. Басымдуу би-йикт. 500—1500 м, эң бийик жери Нгоклинь тоосу (3280 м). Деңиз жээктери ойдуңдуу түздүк (Хонгха, Меконг ж. б. д-лардын дельталары). Кен байлыктары: таш көмүр, темир рудасы, коргошун, жез, боксит, калай, вольфрам, алтын, молибден. Климаты тропиктик муссондуу, эң салкын айынын (янв.) орт. темп-расы түндүгүндө 15°С, түштүгүндө 25,8°С (дек.), жылуу айларынын (апр., июнь, июль) орт. темп-расы 28—29°С Жылдык жаан-чачыны 1500—3000 мм. Дарыя тармактары жыш. Ирилери: түндүгүндө Хонгха (Кызыл; В-дагы уз. 475 км) ж-а анын куймасы Да (Кара), түштүгүндө Меконг (В-дагы уз. 2200 км). Сугат ж-а жерг. жүк ташууда дарыялардын мааниси өтө чоң. Кыртышы негизинен тоолуу латериттүү топурак; деңиз жээктеринде ж-а жапыз тоолордо кызыл, сары, дельталарда аллювий топурак. 600—1200 м ден жогору тропиктик токойго аралаш субтро-пйктик ж-а мелүүн климаттуу алкакка мүнөздүү эмен, бук, каштан ж-а кызыл карагай өсөт. Түш.-батышын-дагы бөксө тоолордо саванна, деңиз жээгинде бамбук м-н пальма өсөт. В-дын жери Инди-Малай зоогеогр. аймагынын Индия-Инди-Кытай составында. Айбанаттары: гиббон, макака маймылы, тибет ж-а малай аюусу, инди пили, жолборс, тыйын чычкан, тоо эчки, доңуз, антилопа, буйвол, ар ТҮРДҮҮ куштар, курт-кумурскалар. Суулары балыкка бай. Калкы. Негизинен въетнамдыктар (вьеттер же киндер) — 88%. В-да бОтан ашык эл ж-а түрдүү этнос топтору — мыонг, тан, тхай, тхо, нунг, мео, ман, чам ж. б. жашайт. Мамл. тили — Вьетнам тили. Динге шпенүү-чүлөрдүн көбү будда дининде; мындан башка христиандар, мусулмандар ж. б. бар. Калкынын жылдык орт. өсүшү 3%. Орт. жыштыгы — 1 км2 ге 105 киши (Кызыл ж-а Меконг д-ларынын дельталарында — 1500, деңиз жээгинде —850 ж-а тоолуу райондорунда — 10—15 киши). 1976-ж. февралдан 3 шаар —Ханой, Хошимин (мурдагы Сайгон) ж-а Хайфон борборго баш ийүүгө өткөн. Тарыхый очерки. В-дагы эң эзелки мамл. бирикме—Ванланг — байыркы Вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган, анын пайда болгон убагы так эмес. Бирок Ванлангдын б. з. ч. 1-миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Б. з. ч. 3-к-да елкөнүн түндүгүндө Ауалак ж-а Намвьет мамлекеттери түзүлүп, б. з. 111-жылында аларды кы-тайлар басып алган. Кытай башкаруу-чуларына каршы бошт. күрөштүн натыйжасында 10-к-да кез карандысыз В. мамлекети орноп, 11—13-к-да ал бор-бордошкон күчтүү феод. Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. Бул учурда анда өндүрүштүн феод. мамилелери үстөмдүк кылган. 13-к-да Дайвьет монголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-к-дын башында феод. Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-ж. кытай баскьшчыларын өлкөдөн кууган. 1471-ж. Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамле-кетин кошкон. В. мамлекетинин аймагы 18-к-дын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1771—1802-ж. В-да дыйкандардын ири көтөрүлүшү (тэйшон-дор көтөрүлүшү) чыгып, ал француз кепөстөрүнүн ж-а миссионерлеринин колдоосу м-н феодалдар тарабынан басылган. 1804-ж. өлкө Вьетнам деп аталган. 19-к-дын 50—80-жылдары В-ды Франция колониялап алат. 80-жылдардын ортосунан В-дын патриотчул феодалдары башкарган улуттук-бошт. кыймыл өөр-чүйт. 20-к-дын башындагы колон. режим күчөгөн ж-а экономикада капит. мамиле өнүккөн шартта ал кыймыл жаңы баскычка көтөрүлүп, бурж. улутчул агым жанданган. 1912-ж. революционер-демократ Фан Бой Тяунун жетекчилиги м-н француз колониячыларын кууп чыгуу ж-а демокр. респ-ка үчүн күрөшүү милдетин койгон В-ды кайра жаратуу коому түзүлгөн. Россияда Улуу Окт. соц. рев-ясынын жеңиши В. элинин азатчыл күрөшүнө зор таасир тийгизген. Францияда™ В. эмигранттары Окт. рев-ясынын идеяла-рын жактап, 1919-ж. январда көрүнүктүү В. революционери Хо Ши Мин Париж тынчтык конф-ясына (1919—20) инди-кытай элине көз карандысыздык берүүнү талап кылган меморандум жиберген. Хо Ши Миндин жетекчилиги м-н 1925-ж. түзүлгөн В-дын рев-ячыл жаштар шериктиги В-да марксизм-ле-нинизмди пропагандалай баштайт. 1930-ж. түзүлгөн Инди-кытай компартиясы (ИККП; 1930-ж. октябрга чейин В. компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-бошт. кыймылды жетектеген. 1940—41-ж. В-ды япондор басып алган. Япон оккупациячыл аскерлери м-н кыз-матташкан француз администрациясы да 1945-жылдын мартына чейин В-да иштеген. ИККПнин жетекчилиги м-н В-дын эл массасы япон ж-а француз баскын-чыларына каршы күрөштү күчөткөн. 1941-ж. майда ИККПнин демилгеси ж-а жетекчилиги м-н В-дын улуттук биримдик фронту — В-дын көз карандысыз-дыгы үчүн күрөш лигасы (Вьетминь) түзүлгөн. Азаттык күрөштү бошоңдо-тууга умтулган япон баскынчылары 1945-ж. 9-мартта Франциянын В-дагы колон. администрациясын жоюп, В-га жалган кез карандысыздык беримиш болгону М-н, чынында бүт. бийликти өз колуна топтогон. 1945-ж. 9—12-мартта ИККП БКнын Туруктуу бюросунун отурушу жалпы эл көтөрүлүшүн даярдоону чечкен. 1945-ж. май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, В. элдик армиясына (ВЭА) айланган. 1945-ж. августка чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Сов. аскерлер фаш. Германияга каршы согушту жеңиштүү аяктап, 1945-ж. августун башында Япониянын Манжу-ряядагы Квантун армиясын талкалаган. Ушундай кырдаалда өлкөнүн көз карандысыздыгын жетишүү ж-а эл бийлигин орнотуу максатында жалпы көтөрүлүш баштоо ж-дө ИККП 1945-ж. 13—15-ав-густтагы конф-яда чечим чыгарган. Бошотулган аймакта 16—17-августта өткөрүлгөн Бүткүл В. улугтук конгресси конф-янын чечимин жактап, В-ды боштондукка чыгаруунун Хо Ши Мин башкарган улуттук комитетин (В-дын убактылуу өкмөтүн) түзгөн. 16-августта башталган улуттук элдик-демокр. рев-я жеңген (к. Въетнамдагы Август революциясы, 1945). 1945-ж. 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан В-дын көз карандысыздык декларациясын ж-а Вьетнам Демокр. Респ-каеынын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. Франциянын башкаруучулары каз карандысыз мамлекеттин түзүлүшүн жактырган эмес. Француз аскерлери 1945-ж. сентябрда Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. Партиянын ж-а ВДР өкмөтүнүн чакырыгы б-ча В. эли жалпы улустук каршылык көрсөтүү согушуна чыккан (к. Вьетнам элинин каршылык көрсөтүү согушу, 1945—54). 1946—47-ж. франц. аскерлер В-дын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздуктөрүн караткан. 1949-ж. Франция басып алган аймакта Бао-Дай [В-дын борб. бөлүгүнүн — француз үстөмдүгү-нүн убагындагы Анаманын императору (1926—45); В-дагы Авг. рев-ясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионетка «Вьетнам Мамлекети» түзүлгөн. В-дагы согушка 1950-жыл-дан АКШ ачык кийлигише баштайт. 1950—51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы улам көбөйө берет. Каршылык көрсөтүү согушунун убагында ВДР француз аскерлерине каршы күрөшүү м-н бирге, демокр. кайра түзүүлөрдү жүзөгө ийгиликтүү ашыра баштайт. 1953-жылдын декабрынан номещиктик ж-а колон. жер ээликти жоюуга багытталган агрардык реформа ж-дөгү закон ишке ашырыла баштады. 1954-ж. франц. аскери Дьенбьенфу жанындагы салгылашта оор жоготууга учураган. Колониячылардын жеңилиши, СССР башында турган тынчтыкты сүйүүчү бардык күчтөрдүн В-дагы согушту токтотуу үчүн күрөшү француз өкмөтүн сүйлөшүүлөрдү баштоого мажбурлаган. Женева -пвлишимдерине (1954) ылайык Франциянын В-дагы согушу аяктаган. Ал келишимдерде В-дын көз каранды-сыздыгы, суверешгтети ж-а акмактык бүтүндүгү ырасталган. ВДР ж-а Франция аскерлерин кайра топтоштуруу үчүн В-да убактылуу эки зона түзүлүп, ал 17-параллель б-ча демаркациялык чекке (түндүгү — ВДР аскерлери», түштүгү — Франция аскерлери үчүн) бөлүнгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүү максатында эл аралык контроль астында 1956-ж. жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн В-дын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. Бүткүл элдин колдоосуна таянган ВДР Женева келишимдеринин аткарылышы ж-а өлкөнүн бириктирилиши үчүн күрөшүү м-н бирге чарб. ж-а маданий курулушту күчөткөн. 1955-ж. Льен-Вьеттин (В-дын улуттук союзу, 1946-ж. негизделген) базасында Вьетнам Ата Мекендик фронту (ВАМФ) түзүлгөн. Ошол жылы экон. ж-а тех. кызматташуу ж-дө СССР м-н ВДРдин ортосунда алгачкы келишимге кол коюлган. 1955—57-ж. согушта бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү м-н агрардык реформа жүзөгө ашырылган. 1958—60-ж. айыл чарбасын, ө. ж-н, соода ж-а кол өнөрчүлүк өндүрүшүн соц. кайра куруу аяктаган. 1960-ж. сентябрдагы Вьетнам эмгекчилер партиясынын (ВЭП) 3-сьезди өлкөнүн биринчи беш жылдык планы (1961—65) б-ча негизги контролдук цифраларды белгилеген ж-а анда соц. индустриялаш-тыруу м-н эл чарбасын соц. кайра куруунун биринчи этабын аяктоо, ВДРде социализмдин материалдык-!ex. базасын түзүүгө киришүү милдети белгиленген. Түш. В-дагы окуялар башкача өткөн. Түш. В-ды өзүнүн согуш базасына айлан-дырууга умтулган АКШ анын милита-ризацияланышына көмөктөшкөн. Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкандар-ды массалык куугунтуктоо ж-а «опузалап» жазалоо операцияларьг башталган. Катуу террорго карабастан, Түш. В-да улуттук-бопи’. кыймыл тез еөрчү-гөн. 1959-жылдын жайынан жазалоочу-лардан коргонуунун элдик отряддары түзүлгөн. 1960-жылдын аягында Түш. В-дын элет жеринин кыйла бөлүгү патриоттук күчтөрдүн контролдугуна өткөн. 1960-ж. декабрда патриоттук күчтөр Түш. В-ды боштондукка чыгаруунун улуттук фронтун (ТВВЧУФ) түзгөн. 1961-ж. февралда Түш. В-ды боштондукка чыгаруу Армиясы уюшулган. 1961—64-ж. Сайгон режимине АКШнын -согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-ж. АКШнын колдоосу м-н генерал Нгуен Вай Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-ж. мартта Түш. В-га түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-ж. АКШ Түш. В-га амер. экспедициялык корпусту (1968-ж. жазында анда 500 мин аскер болгон) киргизүү м-н бирге ВДРге абадан кол салган. ВДРдин эмгекчилери Мекенин коргоого жапырт көтөрүлөт. ВЭП ж-а ВДР өкмөтү өлкөнүн согуциук-экон. кубаттуулугун чыңдоо ж-а армия м-н элдин жоокер-дигин жогорулатуу үчүн зарыл чараларды көргөн. СССРдин ж-а соң. башка өлкөлөрдүн, дүйн. бардык про-грессчил күчтөрдүн жардамына ж-а колдоосуна таянган В. эли өлкөнүн көз ка-рандысыздыгы, улуттук негизги милдеттердин бири — Мекенди бириктирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн күрөштү ого бетер күчөтөт1. 1967-жылдан Туш. В-ды боштондукка чыгаруучу элдик куралдуу күчтөр (ТВБЧЭКЮ амер.-сайгондук аскерлерге каршы чабуулду кыйла активдештирип, 1968-ж. жазында кеңири фгюнт б-ча ийгиликтүү чабуулга өтөт. 1968-жылдын аягында ТВБЧУФ Түш. В-дын кыйла аймагын бошоткон. Сайгондук режимдин көзө-мөлүндөгү аймакта 1968-ж. массалык пат-риотчул уюм — Түш. В-дын улуттук, демокр. ж-а тынчтыкчыл күчтөрүнүн союзу (ТВУДТКС) түзүлүп. ал ТВБЧУФ м-н тыгыз кызматташа баштайт. 1969-ж. 6-июнда эл өкүлдөрүнүн конгрессинде Түш. В. Респ-касынын Убактылуу рев-ячыл өкмөтү (ТВРУРӨ), о. эле Консультациялашуу совети түзүлгөн. АКШнын согушта жеңилген башкаруучулары амалданып, адегенде ВДРдин аймагын бомбалоону чектөө (1968, март), андан соң аны токтотуу ж-дө (1968, ноябрь) билдирүү жарыялаганы м-н, ал милдеттенмесин дайыма буза берген. В. маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-ж. майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-ж. январдан төрт тараптуу (ВДР, ТВБЧУФ, АКШ ж-а Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген. 1972-жылдын апрелинен АКШ Түш. В-да амер. ААКтын пайдалануу масштабын кескин кеңейтип, ВДРге абадан кол салуу согушуп калыбына келтиргени м-н ТВБЧЭККнын ийгиликтүү чабуулун токтото алган эмес. Түш. В-дын патриот күчтөрүнүн ийгиликтери ж-а ВДРге каршы АКШнын абадан кайрадан кол салуу планынын ойрондолушу, В. элинин адилет күрөшүп СССР ж-а соц. башка өлкөлөрдүн колдоосу, дүйн. прогрессчил күчтөрдүн талабы В-да согушту токтотуу ж-а тынчтыкты калыбына келтирүү ж-дөгү Париж келишимине АКШньт 1973-ж. январда кол коюуга аргасыз кылган. Ал келишимде АКШнын Түнт. В-да аскерлерин кармоодон баш тартышы, о. эле Түш. В-да көзөмөлгө алынган эки зонаны, эки администрацияны (ТВРУРӨ ж-а Сайгон администрациясы), эки армияны таанууга негизделип, Түш. В. маселесин саясий жол м-н чечүү белгиленген. 1973—75-ж. ВДР күч-кубатын согуштун оор кесепеттерин жоюуга, эн оболу эл чарбасын калыбына келтирүүгө багыттягял. Соң. өлкөлөрдүн, баарыдан мурда СССРдин ВДРге берген экон. жардамы зор мааниге ээ болгон. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш по-тенциалын күчөтүп, патриот күчтөп бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. Ушундай кырдаалда ТВБЧЭКК согуш аракеттерин баштоого аргасыз болгон. 1975-жылдагы жазгы чабуул патриоттоодун толук жентшга м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-ж. 30-апрелде кулатылат. Түш. В-дын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. Түш. В. бошотулгандан кийин ВЭП БК бүткүл В. үчүн бирдиктүү рев-ячыл багыт алып, рев-янын жаңы баскычында өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүнүн алдына өлкөнү бириктирүү ж-а аны соп. жол м-н тез илгерилетүү милдетин койгон. 1976-ж. 25-апрелде бирдиктүү В-лын Улуттук чогулушуна жалпы шайлоо өткөрүлгөн. Улуттук чогулуштун 1-еее-сиясы 1976-ж. 1-итонда өлкөнүн кайрадан кошулганын ж-а Вьетнам Соц. Респ-касынын (ВСР) түзүлгөнүн (борбору Ханой) ырастаган. ВЭПтин 4-съезди (1976, дек.) өлкөнүн экономикасын өнүктуоүү-нүн ж-а кайна куруунун беш жылдык планынын (1976—80) негизги багыттарын бекитти. Саясий партиялары, Вьетнам Ата Мекендик фронту, профсоюздары жана башка коомдук уюмдары. Вьетнам Коммунисттик парт и я-с ы [1976-ж. декабрга чейин Вьетнам Эмгекчилер партиясы (ВЭП)], 1930-ж. 3-февралда түзүлгөн (1930-ж. октябрга чейин В. коммунисттик партиясы, 1930-ж. октябрдан 1951-ж. февралга чейин Ииди-кытай коммунисттик партиясы аталган’). В. демокр. партиясы (ВДП), /майда буржуазия өкүлдөрүн бириктирет, 1944-я^. негизделген. В. соц. партиясы, негизинен интеллигенция өкүлдөрүн бат коштурат, 1946-ж. уюшулган:: В. Ата М е к. фронту (ВАМФҮ, 1955-ж. негизделген. Ага ВЭП, В. профсоюздарынын жалпы федерациясы, Хо Ши Мин эмгекчи жаштар союзу, ВДП, ВСП, В. аялдар федерациясы ж. б. коомдук, диний уюмдар кирет (коллективдүү мүчөлөрдөн тышкары жеке мүчөлөрү да бар). ВАМФ-тын жетекчи күчү — ВЭП. ВСР түзүлгөн (1976, июль) соң, ВАМФ, Түш. В-ды боштондукка чыгаруучу улуттук фронт (1960-ж. декабрда түзүлгөн), В-дын улуттук, демокр. ж-а тынчтыкчыл күчтөрүнүн союзу (1968-ж. негизделген) В-дын бирдиктүү улуттук фронтуна кошула баштаган. В. п р о ф с о ю з д а р ы н ы н жалпы федерациясы (ВПЖФ), Түн. ж-а Түш. В-дын профсоюз уюмдарынан биригип, 1976-ж. шонда негизделген. Хо Ши Мин эмгекчи жаштар союзу, 193Гж. түзүлгөн (1970-жылдын башында Хо Ши Жиндин ысмы берилген). Түш. В-дын жаштар уюмдарынын аны м-н бири-гишине байланыштуу 1976-ж. июнда кайра түзүлгөн. В. аялдар федерациясы, Түн. ж-а Түш. В-дын аялдар союздарынын биригишинин негизинде 1976-ж. июнда түзүлгөн. В ь е т н а м-с овет достук коому, 1950-ж. негизделген. Экономикасы. В. көз карандысыздыкка ээ болгондон ж-а Демокр. Респ-ка түзүлгөндөн (1945) тартып өнүгүүнүн татаал жолун басып өткөн. Ал жол өлкөнүн түн. ж-а түш. бөлүгүндө бирдей болгон эмес. Франц. колониализмден кутулгандан кийин, өлкөнүн түн. бөлүгүнүн эли социализм курууга киришкен. Түш. бөлүгүндө амер! агрессиянын кесепетинен неоколониалисттик тартип орногон. В. элинин амер. агрессияны жеңиши (1975) көз карандысыздыкты ж-а өлкөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылып, түндүгүндө экономиканын өнүгүшүнүн жаңы соц. этабы башталган, ал эми түштүгүндө соц.-экон. курууга киришкен. Бирдиктүү өлкөнүн түштүгүндөгү колониялык калдыктар, империализмге каршы 30 жыл бою (1944—75) тынымсыз согушуу-нун кесепети, өлкөнүн узак убакыт бөлүндү болушу ж. б. көп соц.-экон. ж-а саясий мүнөздөгү себептер анын экон. өнүгүшүнө кыйла кыйынчылык туудурууда. ВДР өкмөтү В-дын түндүгүндө чарбаны калыбына келтирүү м-н бирге, амер. агрессорлордун кол салышына сокку уруп, Туш. В-га жардам берип, соң. курулушта белгилүү ийгиликтерге жетишкен. ВДР 1975-ж. В-дын түш. бөлүгүнүн боштондукка чыгышына шыктанып, экономиканы калыбына келтирүүгө киришкен. Ө. ж-нын дүң продукциясы 1961—65-жылга салыштырганда 1975-ж. 200%, а. ч. продукциясы согушка чейинки жылга караганда 18% өскөн. Хайфон цемент, металлургия з-ддору калыбына келтирилген ж-а кеңейтилген. Жаңы ишканалар, анын ичинде Зиатангдагы болот эритүүчү, болот прокат комбинаттары, Хабакта азот жер семирткич з-ду, Камфада мех. з-д, Такба м-н Дапим-дө электр станциялары ж. б. ишке киргизилген. В-дыя түш. бөлүгү боштондукка чыгар алдында анын экономикасы көбүнчө агрардык мүнөздө болуп, ал сырттан келчү сырьё м-н техникага толук көз каранды эле, чарбанын көп тармагы кризис абалында болгон (я^умушсуздардын саны 3,5 млн-го жеткен). Амер. агрессия убагында өлкөнүн түндүгүнүн, бөтөнчө түштүгүнүн а. ч. көп зыянга учурап, шалы талаалары, каучук плантациялары бүлүнгөн. Ирригациялык курулуштар м-н тосмо дамбалар керектен чыккан. Шаар-кыштактар, жолдор, ө. ж. ишканалары ж. б. талкаланган. 1975-ж. апрелде В. элинин жеңиши-нен кийин түштүктө улуттук-демокр. рев-я жүзөгө ашып, бирдиктүү соң. шартта өлкөнүн бул бөлүгүндө кайра түзүлүүлөр башталган, экономикасы жаңыланып, айыл чарба, ө. ж., транспорт калыбына келтирилген. Ө. ж-н-дагы мамл. сектор, бириккен ишканалар ж. б. өнүгүүдө. Өлкөнүн аг-рардык-индустриялуу түн. району ж-а агрардык түш. бөлүгү ВСРдин бирдиктүү чарба системасын түзүүгө киришкен. ВСРдин эмгекке жарамдуу калкынын көбү (80% ке жакын) а. ч-нда, калганы ө. ж., транспорт, соода ж. б. тармактарда иштейт. Сов. Союзунун ж-а соң. башка өлкөлөрдүн жардамына, кызматташты-гына таянып, ВСР кыйынчылыктарды жеңип, соц. экономиканы куруу, өлкөнү индустриялаштыруу, тышкы сооданы кеңейтүү, калктын материалдык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган саясатты жүргүзүүдө. Өнөр жайы. ВСРдин аймагынан көмүр, калай, вольфрам, темир, хромит (Кодйнь кени), апатит ж. б. казып алынат. Көмүр ө. ж-нын мааниси зор. Ал негизинен Кунгайн (Хон-гай-Камфа) бассейнинен казылат. Гидроэнергия кеңири пайдаланыла баштады. Өлкөнүн металлургиялык негизги борбору—Тхайнгуендеш комбинат; Тиньтукта калай эритүүчү з-д иштейт. Металл иштетүүчү ж-а машина куруучу бир катар ишкана, мех. ж-а велосипед з-ддору, а. ч. машиналарын куруучу, кеме верфи, электр тех., электрондук (радиоприемник, телевизор, электр лампасы, электр мотору, электр батареясы яг-а аккумулятор) ишканалары бар. Химия ө. ж. (полиэфир буласы, фарма- ‘ цевтика буюмдары, фосфат жер се- ] мирткичи, пластмасса буюмдары, жа- ■ салма жибек ж. б.), курулуш мате- ] риалдар ж-а айнек-карапа ө. ж. (не- ( мент, айнек, кирпич, чыны буюмда- : ры ж. б.) өнүгүүдө. Тактай тилүү, жыгач иштетүү, целлюлоза-кагаз ж-а каучук өндүрүш ишканалары иштейт. Жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. тармактары да түзүлүүдө. Текстиль ишканалары (кездеме, жибек, трикотаж) бар. Текстилдин ири борбору — Нам-динь. Тамак-аш ө. ж-нын күрүч тазалоочу, кант, кондитер, мал союучу, балык иштетүүчү, балык консерва, ун тартуучу тармактары кеңири өнүгүүдө. Ө. ж-нын ири ишканалары м-н катар кол өнөрчүлүк өндүрүш зор роль ойнойт. Ал карапа, жибек, күмүш, пил сөөгүнөн жасалган буюмдар, килем, өрмө мебель, сайма ж. б-ларды экспорттойт. Ири ө. ж. борбортын көбү иштейт. Мал чарбасына караганда дыйканчылык басымдуу. Айылдык элдин бир бөлүгү балык уулоодо, токой чарбасында ж. б. эмгектенет. Аймагынын 1/3 бөлүгүн токой, бир кыйла аянтты шалбаа м-н жайыт ээлейт. Жеринин 15% иштетилет, бирок ага караганда кайталап себүүнүн эсебинен түшүм жыйналуу-чу аянт 1,5—2 эсе көптүк кылат, негизинен шалы өстүрүлөт (жылына 10 млн т га жакын жыйналат). Аны Хонгха ж-а Меконг д-ларынын дель-таларында эгишет. О. эле батат, жүгөрү, маниок ж. б. өстүрүшөт. Негизги тех. өсүмдүктөрү: жут, буурчак, бал камыш, чай, тамеки, арахис, пахта, каучук. Жашылча, гүл өстүрүү, мөмө-жемиш (цитрус, личжи, банан ж. б.) чарбасы кеңири жайылган. Атайын плантацияларда дары-дармек өсүмдүктөрү эгилет. Уй негизинен унаа катары пайдаланылат. Чочко чарбасы өнүккөн. Токойлорунда (негизинен тоолуу райондор) жыгачтын баалуу түрлөрү — бамбук ж. б. даяр-далат, боек сырьёлору, кардамон, кабык, канифоль жыйналат. Транспорту согуштан катуу зыян тарткан. Өлкөдө көпүрөлөрдү, жолдорду калыбына келтирүү, дарыя ж-а деңиз транспортун жолго салуу б-ча жумуштар кеңири кулач жаюуда. Догдандан (Кытай м-н чектеш жердеги станция) Ханой, Винь, Гуэ, Турган, Хошимин аркылуу Мито ш-на баруучу зор маанилүү трансин-дп-кытай т. ж. (уз. 2 миң км дей) калыбына келтирилип жатат. Бул — ВСРдеги ири курулуштардын бири. Башкы деңиз порттору: Хайфон, Хонгхай, Камфа, Хошимин, Дананг. Ханойдогу Зялам ж-а Хошнминдеги Таншоннют аэропортторунун эл аралык мааниси бар. ВСРдин тышкы экон. байланышы соп. өлкөлөрдүн ортосундагы экон., тех. ж-а ил.-тех. кызматташтыкты кучагына алат. ВСРдин 80ден ашык •якө м-н соода байланышы бар. Не-шзш соода шериктери — соц. өлкө^ явр (тышкы соодасынын 80%ине жазсын) , башкысы — СССР. Мамлекет тышкы сооданы көзөмөл-лөи жетекчилик кылат. Ал б-ча экс-жорт-пмпорттук оперативдүү ишти, •l эле экспорттолуучу ж-а импортто-жуучу товарларды ташып жеткирүүнү Улуттук экрцорт-импорттун генеральный компаниясы жүргүзөт. Бирдиктүү соң. акча-кредит системасы түзүлдү. Акча бирдиги — донг. 100 донг — 30 сом 60 тыйын (1976). Элге билим берүүсү. Колония убагында В. калкынын 95% сабатсыз болгон. Тоодо жашаган көп майда улуттардын жазуусу болгон эмес. Өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. ВДР жарыялангандан кийин 1945-ж. элге билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган1 декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жараша 3 баскычтан (1-баскыч 4 жыл, 2-ж-а 3-баскычы З жыл) турган бирдиктүү 10 жылдык мектеп түзүлгөн. 60-жылдарда сабатсыздык жоюлган. Өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Шалпы билим берүүнүн толук курсу мурдагыдай эле 10 жыл. 1975/76-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерде 5,6 млн бала окуган. 1976-ж. 76 миң киши толук 10 жылдык билим алып, 17 миң адам 10 жылдык кечки мектепти бүткөн. Атайын орто билим 8 жылдык мектептин базасындагы кесипчилик окуу жайында, кээ бир техникумда 10 жылдык мектептин базасында (окуу 2—З жыл) берилет. 1974/75-окуу жылында 192 кесипчилик окуу жайында 84 миң бала окуган. Ханой ун-тинин (1918-ж. негизделген) базасында 1954-жылдан мед-фар-мацевтика, ад-т, пед., айыл чарба ж-а токой чарба ин-ттары ачылган. 1955-ж. Ханой ун-ти (физ.-матем., хим., биол., коомдук илим ф-теттери м-н) кайра уюшулган. Ханойдо 1956-ж. политех., 1959-ж. финансы-экон., энергетика ж-а ирригация ин-ттары ачылган. 1965-ж. Ханойдо СССРдин жардамы м-н курулуп, жабдылган жаңы политех, ин-т ачылган. 1974—75-окуу жылында 37 жог. окуу жайында 60 миң студент окуган. 1975-ж. өлкөнүн түштүгүндө 4 млн адам сабатсыз болгон. Билим берүү системасы: беш жылдык башталгыч мектеп, ал 6—10 жаштагы балдар үчүн формалдуу түрдө милдеттүү деп эсептелген. Орто мектеп —7 жылдык. 1972/73-окуу жылында башталгыч мектептерде 3,3 млн, орто мектептерде 919 миң, кесипчилик окуу жайларында 16,8 миң, а. ч. окуу жайларында 11,8 миң окуучу, жог. окуу жайларында 86,5 миң студент окуган. Жалпы билим берүүчү 12 жылдык мектеп азырынча өлкөнүн түштүгүндө сакталууда. Бирок аларда окуунун мазмуну ж-а идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түн. м-н Түш. үчүн бирдей жаңы окуу китептери чыгарылып, Түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштады. 1976-жыл-дын сентябрында орундун жоктугунан өлкөнүн түштүгүндө 500 миң бала окуган эмес. Боштондуктун алгачкы айларында түштүктө 10 миң мектепте окуу кайрадан улантылды. Мында 1975/76-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерде 5 млн бала окуган. ВСРде 1975/76-окуу жылында жалпы билим берүүчү башталгыч ж-а орто мектептерде окуган балдардын саны 10,6 млн-го жетти. 1975-ж. Түштүктө 7 ун-т, Сайгон, Да-лат, Гуэ ж-а Лонгсюйен ш-нда бир нече коллеж, ин-ттар иштеген. Мындагы ири жог. окуу жайы — Сайгондогу ун-т 1971-ж. негизделген. Анда 1974/75-окуу жылында 63 миңден ашык студент окуган. 1976-ж. Хошимин ш-нда жаңы пед. ин-т ачылган. 1975/76-окуу жылында атайын орто ж-а жог. окуу жайларында 170 миң студент окуган. Түштүктөгү бардык жог. окуу жайлары 1976-жылдан кайра уюштурула баштады. Ири китепканалары: Ханойдогу борб. китепкана. ил. китепкана, Ханой ун-тинин китепканасы, Хошиминдеги Улуттук китепкана. Ири музейлери: Вьетнам армиясынын, рев-ясынын, тарыхынын музейи (1958-ж. негизделген), Ханойдогу көркөм, Хошиминдеги улуттук (1929-ж. түзүлгөн) музейлер. Дьен Бьея Фунун жанындагы салгыла-шуунун музейи (Дьен Вьен Фу. ш.). Илими жана илимий мекемелери. ВДР түзүлгөндөн кийин, өзгөчө оор шарттарга карабастан, илимдин өсүшү үчүн көп иштер иштелди. 1955-ж. Ханой ун-ти кайра уюшулуп, анда ил. из. бөлүмү түзүлүп, 1953-ж. ад-т, тарых ж-а географияны изилдөө комитети ишке кирди. 1958-ж. ВДРде Илимдердин мамл. комитети уюшулуп, ал гуманитардык мамл. табигый-тех. илимдерге жетекчилик кыла баштады. 1965-ж. ал Илим ж-а техника б-ча мамл. комитет ж^а Коомдук илимдердин мамл. комитети болуп экиге бөлүндү. Илим ж-а техника б-ча мамл. комитет табият таануу, тех. илимдер тармагындагы изилдөө иштерин жөнгө салып, ил. кадрлар даярдоону уюштурат. Комитеттин составында математика ж-а физика, эсептөө математикага^, тех. илимдер, медицина, химия, биология, геология, география, а. ч., металлургия, тоо-кен илимдеринин бөлүмдөрү бар. Коомдук илимдердин мамл. комитети тарых, ад-т, экономика, философия ж-а укук ин-ттарынын ишине жетекчилик кылат. Соң. мамлекеттер ил. кадрлар даярдоодо, ин-ттарды ил. аппаратура м-н жабдууда ВДРге жардам көрсөтүүдө. Чен ж-а стандарт ин-ту, техниканы тропик шартына ыңгайлаштыруучу ил. станция, океанография станциясы, ил. маалымат кызматы уюштурулган. Медициналык ил. из. борбору түзүлгөн. 1946—70-ж. мед. изилдөөлөрдө зор жетишкендиктер болду. Илим ш-а техника б-ча мамл. комитет а. ч., химия, медицина, токой, балык өстүрүү ил. из. ин-ттары м-н станция ларынын иштерине да башчылык кылат. Ал чет мамлекеттер м-н ил. байланыш жүргүзүп турат. Комитет м-н СССР ИА ил. кызматташтык ж-дө келишим түзгөн (1961). Комитет бир топ ил. коомдордун ишине жетекчилик кылып, ил. журналдар чыгарат1. Элдик-демокр. бийлик орногондон кийин марксчыл-ленинчил философиянын, тарых, экономика, укук илимдеринин өсүшүнө шарт түзүлдү.ВДРдеги маркстик филос. ой-пикир батыштын бурж. илимдерине, о. эле майда бурж. теорияларга, диний-идеалисттик филос. системаларга каршы күрөштө өсүп-өнүктү. В. марксчылары өлкөдөгү соц. рев-я м-н соц. курулуштун тажрыйбасын жыйынтыктоого байланыштуу тарыхый материализмдин проблемаларын чечүүдө, коомдук-саясий, филос. ой-пикирдин тарыхын изилдөөдө, Түш. В-дагы идеалисттик агымдарды сындоодо маанилүү иштер алып барды. Филос. маселелерди изилдөөчү ири борборлор: Филос. ин-ту (1965), Нгуен Ай Куок атн. парт, мектеп (1948). Филос. маселелерге арналган макалалар «Хок тап» (ВЭП БКнын органы) ж-а «Тхонг-бао чиет-хаук» журналдарында басылып турат. ВДРдин тарыхчылары эмгекчилердин улуттук-бошт. күрөшүнүн тарыхын, элдик-демокр. рев-я м-н соң. курулуштун маселелерин изилдөөгө, В-дын тарыхын бурмалаган бурж. окумуштуулардын бетин ачууга өзгөчө көңүл буруп жатат. В. элинин франц. колонизаторлорго каршы күрөшүн, 1945-жылдагы Авг. рев-ясынын тарыхын, В. жумушчу табынын өсүшүн, амер. агрессияга каршы күрөш, агрардык ж-а улут маселелерин, Түш. В. проблемасын баяндаган көп эмгектер жазылды. В-дын байыркы ж-а о. кылым тарыхынын маселелери да изилденүүдө. Тарыхый документтердин ж-а материалдардын жыйнактары чыгарылды. 1959-ж. Тарых ин-ту ачылды. Тарых маселелери «Нгиен кыу лить сы» журналында басылат. Экон. эмгектердин көбү агрардык маселени чечүү, а. ч-ны кооперациялоо, өлкөнү индустриялоо, эл чарба тармактарын өстүрүү, финансы-кредит системасын түзүү, сырткы соода, экономиканы башкаруу сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерге арналган. В-дын илимпоз вкономисттери өлкөнүн экон. тарыхын изилдөө б-ча иштөөдө. Экономика б-ча ил. из. иштери Экономика (1958), ВДР финансы ‘ мин-восунун финансы-экон. ил. из. ин-ттарында (1959) Н5үргүзүлөт. Экономика б-ча ил. макалалар «Нгиен кыу кинь те» (1961), «Нган ханг» (1959), «Курье дю Вьетнам» (1964) жумалы-гында, «Этюд вьетнамьенн» жыйнат а-рында (1964-жылдан англис тилинде да чыгат) жарыяланып турат. 1954-ж. франц. колонизаторлорго каршы күрөшүү мезгилинде Вьентбакта «Тап шан ты фап» аттуу укук журналы чыккан. ВДРдин соц. укук илими ушул мезгилде башталды. Укук илиминин борбору — Укук ин-ту. Негизинен мамлекеттин ж-а укуктун марксчыл-ленинчил теориясын иштеп чыгуу, мамлекет ж-а укук тарыхын ж. б. маселелерин изилдөө б-ча иш алып барат. Басма сөз, радио уктуруу ж-а телекөр-сөтүүсү. ВСРде ЮОдөн ашуун газета-журнал чыгат. Негизги газеталары: «Нян Зан» («Эл»)—ВЭП БКнын органы; «Куан Дой Нян Зан» («Элдик армия»)— ВСР куралдуу күчтөрүнүн органы; «Лао Донг» («Эмгек») — ВПЖФ-тин органы; «Тьен фонг» («Авангард»)— Хо Ши Мин эмгекчи жаштар союзунун органы; «Сайгон Зай фонг» («Бошотулган Сайгон») — ВЭПтин Хошимин шааркомунун органы. Негизги журналдары: «Хок Тап» («Окуу») — ВЭП БКнын органы; «Сай Зынг Данг» («Партиялык курулуш»)—-ВЭП БКнын органы; «Ван Нге» («Адабият жана искусство»)— В. жазуучулар союзунун органы. Булардын баары Ханой ш-нан чыгат. Вьетнам кабар агентствосу (ВКА) 1945-ж. негизделген, 1961-жылдан Түш. Вьетнамда иштеген «Боштондук» басма сөз агентствосу м-н бириккенден кийин (1976) кайра түзүлгөн. Ханойдо ж-а Хошиминде те-лестудиялар иштейт. Адабияты. В-дын байыркы фольклору миф түрүндө пайда болгон. Ханван тилинде (эски кытай тилинин вьетнамдаш-кан варианты) жазылган алгачкы эсте-ликтерде (10—14-к.) чечендик өнөр м-н кытай ад-тында калыптанган формалар айкашкан. В. ад-ты о. кылымда буддизм-дин, кийинчерээк конфуцийчил көз караштын таасиринде өнүккөн. 14-к-дын аягында бир катар акындардын чыг-ла-рында социалдык нааразычыл тема пайда болуп, 15-к-да поэзия вьетнамдыктар-дын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жеткен байыркы эстелиги — Нгуен Чайдын (1380—1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». 16—17-к-да проза жанрында-гы чыг-лар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491—1585) поэзиясында социалдык адилетсиздик көрсөтүлгөн. Нгуен Зынын (16-к.) «Укмуштуу аңгемелер жыйнагы» новелла жанрынын жетили-шин көрсөткөн. 18-к-дагы ж-а 19-к-дын башындагы ад-тына Кайра жаралуу доорунун салтына жакындоо ж-а адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү. В-га француз колониячылары басып киргенден кайин ад-т салттуу формада өнүгүп, анда патриотчул мотив-дер басымдуулук кылган. Колон. режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт. Буга Нгуен Кхюендин (1835—1909), Ту Сыонгдун (1870—1907) чыг-лары мисал. 20-к-дын 10—20-жылдарында азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 30-шылдарда «Жаңы поэзия» кыймылы башталган. Ал ырларды жаңыча жаратууга ж-а адамдын аң-сезиминдеги феод. калдыктарды жоюуга жардам берип, рев-ячыл ад-т пайда болгон: То Хыунун (1920-ж. т.), Хо Ши Миндин (1890—1969) «Түрмө күндөлүгү» чыг-лары. 20-к-дын 20—30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бардык жанрда [Нгуен Конг Хоан-дын аңгемелери м-н «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-ж. Авг. рев-ясынан кийин Вьетнам ад-ты соц. реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилден өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилинде (50-жылдардын башында) рев-ядан кийинки алгачкы повесттер м-н романдар жаралган: Нгуен Динь Тхинин (1924-ж. т.) «Чабуулу». Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951). В. жазуучуларынын соц. реализм методун өздөштүрүш үнө алардын совет ад-т м-н тааныш болушу зор роль ойногон. 1957-ж.В. жазуучулар союзу негизделген. Рев-я жеңгенден кийинки турмуш Во Хюи Тамдын «Шахтерлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарбазасы» (1—2-т., 1961— 1973) ж. б. романдарда жаңы каармандардын образы аркылуу көрсөтүлдү. Поэзияда соц. коомду куруучулардын лирикалык образдары басымдуу. Архитектура жана сүрөт өнөрү. В. аймагындагы көркөм мад-ттын байыркы эстеликтери б. з. ч. 1-к-га таандык. В-дын байыркы иск-восунун гүлдошү Тям-па мамл. түзүлүшүнө байланыштуу (б. з. 1-миң жылдыгы; Мишон ж-а Дон-гзыонг ш-ларындагы кирпичтен салынган будда, брахми храмдары, жасалга скульптуралар). кыймыл-аракети оркестр м-н коштолот. 19-к-да «Няк Тянь» оркестри уюшулган. Түш. В-да элдик театрдын негизинде вокалдык лириканын номерлерин камтыган улуттук жарым профессионал театр негизделген. 20-к-дын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европ. опе-ралар коюлуп, европ. үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгекке ж. б-ларга арналган ырларынын негизинде жаңы рев-ячыл ыр фольклору пайда болгон. О. эле салттарда ВДРдин массалык патриоттук аскер ырлары түзүлгөн. В-дын азыркы операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын (1948-жылдан ВДРдин комп. союзунун пред-ли) «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» сыяктуу чыг-лары көрүнүктүү орун ээлейт. ВДРдин көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жазып ж-а кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүп жатат. 1955-ж. Ханойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук муз. театр мектеби, орто ж-а жог. муз. курстар, балдардын муз. мектептери негизделген. 1959-жылдан Ханойдо симф. оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркестри, ВДРдин мамл. хору иштейт ж-а улуттук музыка м-н ыр аткаруучулардын кароосу өткөрүлөт. Театры. 19-к-га чейинки В. театры ж-дө толук маалымат жок. Салттуу жанрлары — тео ж-а т у о н г муундан муунга оозеки өткөн. Элдик музыкага ж-а бийге негизделген тео түшүм майрамына байланышып, аны коюуда импровизация пайдаланылган. Көрүнүктүү театр иш-мерлеринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруучуларынан Нгуен Ван Тхань ж. б. бар. В-дын классикалык театры — Туонг. Ал элдик оюн катары 11—13-к-дын аралыгында өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай театрынын таасири тийген). Сарай труппа-лары ж-а демокр. багыттагы кыдырма труппалар иштеген. Оюн музыка, бий ж-а декламация м-н айкалышта көрсөтүлөт. 20-к-дын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиендин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Винин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары кеңири белгилүү болгон. 20-к-дын 20-жылдарында түзүлгөн К а й-л ы о н г театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасалга пайдаланылган. 1942—43-ж. акын Тхе Лы ушул сыяктуу театр труппасын уюштурган. Азыркы «сүйлөмө» же драма театры Кить-ной 20-к-да пайда болгон. Мында Мольер, By Динь Лонг ж-а Хо Ши Миндин («Бамбук ажыдаары») комедиялары коюлган. Авг. рев-ясынан (1945) ж-а ВДР түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия м-н байып, кить-ной ж-а кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. Ханой бошотулган соң (1954) өздүк чыг-чыл коллективдердин түрдүү театр труппаларыньш фестиваль! (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү коомдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, Кить-ной пьесала-рынын көбү жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан азыркы адамдын образын түзүүгө көмөк берген. Кай-лыонг тышкы кооз-дуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол м-н чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп калган. Бирок 1958-ж. Улуттук музыка театр мектебинде туонг бөлүмү ачылган. Ал бул жанрдын жанданышына түрткү болгон. Тео театры да кайра түзүлүүдө. 1963-жылдын аягында 35 профессионал труппа м-н көркөм коллективдин ичинен 19 тео спектаклдерин коюуга адистешкен. Элдик куурчак театр өнөрү эзелтен бар. Профессионал куурчак театры 1957-ж. Ханойдо ачылган. 1957-ж. Ханойдо В. театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-ж. Жог. драма мектеби ачылган. Киносу. Француз үстөмдүгү мезгилинде В-да кино өндүрүшү болгон эмес. Негизинен франц. ж-а амер. фильмдер чыгарылган. 1945-ж. Авг. рев-ясынад кийин ВДРдин өкмөтү Ханойдо «Радио ж-а кино» уюмун уюштурган. Алгачкы хроника картиналары 1948-ж. тартылган («Мок Хоа жанындагы салгылашуу»; «Бен Кат жанындагы салгылашуу»). Улуттук кино түзүүдө сов. кинематогра-фисттер олуттуу жардам көргөзгөн. Документ фильмдердин алгачкы студиясы 1956-ж. түзүлгөн. Алгачкы көркөм фильм— «Бир дарыяда бирге» (1959, реж. Нгуен Хонг Ньи ж-а Фам Хеу Дан). 1960-жылдан көркөм фильм студиясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы ■— франц. колониячыларына каршы В. элинин күрөшүнүн тарыхы («Ким Донг», реж. Нью Дат; «Жубайлар А— Фу», реж. Мач Лок ж-а Хоанг Тхай; «От океаны», реж. Фам Ку Нам). ВДРге каршы амер. агрессия башталгандан кийин өлкөдө «АКШнын каракчылары», «Ханой, 5 күн карматуу», «Шамал дарбазасынын жанында» деген документ’ фильмдер тартылган. Согуш те-матикасы 60-жылдардын аягы — 70-жылдардын башындагы көркөм фильм-дерде («Жаш жоокер», реж. Хай Нинь ж-а Зык Нинь; «Нюи — сайгондук кыз», реж. Нгуен Дык Нинь ж-а Данг Минь; «17-параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ха-нойлук кыз»— экөө тең реж. Хай Нин-дики) улантылган. 70-жылдардын ортосунда соц. курулуш ж-дөгү «Жубайлар Лык» (реж. Чан By), «Жаш коммунист» (реж. By Фам Ты) ж. б. фильмдер тартылган. 1975-ж. ВДРде 4 көркөм фильм чыгарылган.
Ад.: Борисковский П. И., Первобытное прошлое Вьетнама, М.—Л., 1966; Д е о п и к Д. В., Возникновение государства во Вьетнаме, «Советское востоковедение», 1958, М 4; Чешков М. А., Очерки истории феодального Вьетнама (по материалам вьетнамских хроник XVIII—ХIX вв.), М., 1967; его же, Особенности формирования вьетнамской буржуазии, М., 1968; Новейшая история Вьетнама, М., 1963; Чыонг Тинь, Октябрьская революция и борьба вьетнамского народа за национальную независимость, народную демократию и социализм, «Вопросы истории», 1957, № 10; Мерзляков Н. С, Демократическая Республика Вьетнам, М., 1961; Каралы ш е в В. П., Сельское хозяйство Демократической Республики Вьетнам, М., 1959; Зимонина И. П., Пути развития прозы Демократической Республики Вьетнам (1945—1960), в сб.: Художественный опыт литератур социалистических стран, М., 1967; П рок офь ев О. С.,’ Современное искусство социалистических стран Востока, М., 1961; Ван Као, Музыка свободного Вьетнама, «Советская музыка», 1954, М 12.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *