ВЬЕТНАМДАР

ВЬЕТНАМДАР (өздөрүн вьет дешет) — Вьетнам Соң. Респ-касынын калкынын көбүн түзгөн улут. Саны 37 млн (1975). 500 миңге жакын В. Лаос, Кампучия, Таиланд өлкөлөрүндө жашайт. Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү буддист, католиктер; жерг. секталардын жолун туткандар да бар. Байыркы Вьетнам уруулары Түн. Вьетнамга б. з. ч. 1-миң жылдыкта Түш. Кытайдан келишкен. Б. з. алгачкы кылымдарында алар бирдиктүү эл болуп бириге баштаган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-к-дын башында В. улут болуп түзүлөт. В-дын негизги кесиби — дыйканчылык (пахта, күрүч, жүгөрү, күнжүт, чай ӨСТҮРҮҮ) ж-а балык уулоо. В-дын бир бөлүгү ө. ж-да, суу транспортунда иштейт, кол өнөрчүлүгун кесип кылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *