ВЬЕТНАМДАГЫ АВГУСТ РЕВОЛЮЦИЯСЫ

ВЬЕТНАМДАГЫ АВГУСТ РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1945)—Вьетнамда коло-ниячылардыя үстөмдүгүн кулатып, феод. монархияны жойгон ж-а эл-дик-демокр. бийлик орноткон рев-я. В. А. р. франц. колониячыларга ж-а япон баскынчыларына каршы күрөшкө көтөрүлгөн Вьетнам элинин улут-тук-бошт. кыймылынын натыйжасы болгон. Инди-кытай компартиясынын [1951-жылдан Вьетнам эмгекчилер партиясы (ВЭП)1 Борб. комитетинин чечими б-ча 1941-ж. 19-майда өлкөдө Вьетнамдын патриоттук күчтөрүнүн бирдиктүү улуттук-бошт. фронту түзүлгөн. 1944-ж. 22-декабрда Каобанг провинңиясында (Түн.-Чыгыш Вьетнам) Вьетнамдын азаттык армиясы уюштурула баштап, 1945-ж. 4-июнда Түн. Вьетнамдын 6 провинциясынын аймагында Азаттык району түзүлгөн. ИККПнин чакырыгы б-ча 16—26-ав-густта бүткүл өлкөнүн эли көтөрүлүшкө чыккан. 19-августта көтөрүлүш өлкөнүн борбору Ханойдо жеңип чыгып, эл бардык жерде бийликти өз колуна алган. 24-августта император Бао Дай тактан баш тартууга аргасыз болгон. 1945-ж. 2-сеитябрда Ха-нойдогу (Бадинь аянты) митингде Хо Ши Мин Убактылуу өкмөт атынан Вьетнамдын көз карандысыздык Декларациясын ж-а Вьетнам Демократия Республикасынын түзүлгөнүн салтанаттуу жарыялаган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *