ВЬЕТМЙНЬ

ВЬЕТМЙНЬ (толук аты—В ь е т н а м доклап дон г-м и н ь — Вьетнамдын көз карандысыздыгы үчүн күрөш лигасы) — Вьетнамдын 1941—45-жыл-дардагы улуттук биримдик фронтунун уюму. Йнди-кытай коммунисттик партиясынын (ИККП) демилгеси м-н 1941-ж. майда түзүлгөн. В-ге ИККП, профсоюз, жаштар, аялдар ж-а дыйкандар уюмдары кирген. Кийин В. майда ж-а улуттук буржуазиянын (Демокр. партия, 1944, июнь), о. эле оокаттуу дыйкандар м-н патриоттук маанайдагы жер ээлеринин эсебинен кедейген. Въетнамдагы Август революциясы (1945) жеңип, 1945-ж. 2-сентябрда ВДР түзүлгөндөн кийин В. Улуттук чогулушка жалпы шайлоодо (1946) андагы ЗОО орундун 230ун алган. 1946-ж. В-ге ошол эле жылы түзүлгөн Соц. партия (интеллиген-циянын бир бөлүгүн бириктирген) кирген. 1951-ж. мартта Вьетнам элинин каршылык көрсөтуу согушу (1945—54) убагында В. Льен-Вьет уюму (Улуттук союз, 1946-ж. негизделген) м-н Вьетнамдын улуттук биримдик фронтунун жаңы уюмуна (Льен-Вьөт деп аталган) бириккен. 1955-ж. Льен-Вьеттин базасында Вьетнам Ата Мек. фронту түзүлгөн.