ВЫШНИЙ ВОЛОЧЕК —РСФСРдин

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВЫШНИЙ ВОЛОЧЕК —РСФСРдин Калинин обл-ндагы шаар. Москва — Ленинград автомобиль жолунун боюнда. Калкы 75 миң (1976). Т. ж. станциясы. Текстиль ө. ж-нын ири борбору. Кебез кездеме токуучу комбинат, трикотаж ф-касы, мех., айнек, жыгач ж-а зыгыр иштетүүчү, боек экстракттарын чыгаруучу з-ддор ж. б. ишканалары бар. 1770-жылдан бери шаар. Текстиль техникуму, мед. окуу жайы, драма театры, край таануу музейи бар.
ВЬЕНТЬЯН, Вьентян — Лаостун борбору ж-а Вьентьян провинциясы-нын админ. башкы шаары. Калкы 220 миң (1974). Меконг д-нын сол жээгиндеги порт ж-а транспорт тоому. Аэропорту бар. Кол өнөрчүлүк басымдуу: күрүч тазалоо ж-а актоо, тери иштетүү, кебезден ж-а жибектен кездеме токуу, мебель жасоо ж. б. Шаар 13-к-да негизделген. 16—18-к-да Лансанг аттуу Лаос мамлекетинин, 1707—1828-ж. Вьентьян княздыгынын, 1946-жылдан бери Лаос королдугунун, 1975-жылдан Лаос Эл Демократия Респ-касынын борбору. Улуттук китепкана, ун-т, археологиялык музей бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *