ВЫШНЕГРАДСКИЙ Иван Алексеевич

ВЫШНЕГРАДСКИЙ Иван Алексеевич [20. 12. 1831 (1. 1. 1832), Вышний Волочёк—25. 3(6. 4). 1895, Петербург] — орус илимпозу ж-а мамл. ишмер, автоматтык жөндөө теориясын негиздөөчү, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1888). Петербургдагы Башкы пед. ин-ттун физ.-матем. ф-те-тин бүтүргөн (1851). Петербургдагы 2-кадет корпусунда сабак берген. 1862-жылдан Петербург технол. ин-тунун проф. 1865-жылдан Михайлов артилл. академиясынын проф. 1867— 78-ж. Башкы артилл. башкармада инженер-механик, 1875-жылдан Петербург тех нол. ин-туна директор. Машиналарды конструкциялоонун ил. негизин түзүүдө зор эмгек сиңирген,Машина куруунун теориялык негизин өзүнчө сабак кылып киргизген. Өзү колдонмо механика, термодинамика, серпилгичтик теориясы, жүк көтөрүү-чү машиналардын, токардык станок-тордун, буу машиналарынын теориясы б-ча лекция окуган. 1860-ж. «Элементардык механика» деген колдон-мосун жарыялаган. «Түз аракеттүү жөндөгүчтөр жөнүндө» деген эмгегинде (1877) жөндөө системасынын туруктуулук шарттарын аныктаган. 1870-жылдын 2-жарымынан ил. иштен четтейт. 1888—92-ж. финансы министри болуп, алтын запасын көбөйтүүгө ж-а кагаз акчанын курсун жогорулатууга жетишсе да, жалпысынан реакциячыл саясат жүргүзгөн.