ВЫШЕЛЕССКИЙ

ВЫШЕЛЕССКИЙ Сергей Николаевич (20. 10. 1874—14. 1. 1958) — сов. эпи-зоотолог, БССР ИАнын акад. (1928), РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1940). 1899-ж. Варшавадагы вет. ин-т-ту бүтүргөн. 1906-жылга чейин Белоруссия м-н Азербайжанда вет. кызматта иштеп, андан кийин ил.-пед. ишке өткөн. В. малдын күлапса, бугу чумасьг, чочко тилмеси, туберкулёз, бруцеллёз, уй өлөтү ж. б. ылаңдары ж-дө ил. ж-а практикалык маселелерди иштеп чыккан. К. Н. Бучнев м-н бирге тели ылаңынын козгогучун тапкан. Жылкынын маңка ылаңын изилдөө б-ча В-дин жүргүзгөн иши СССРде бул ылаңды жоюу чаралары-на негиз болду. В. эпизоотология б-ча окуу китеп ж-а колдонмо даярдаган. «Айрым эпизоотология» деген окуу китебин түзгөндүгү үчүн ага СССР мамл. сыйлыгы (1941) ыйгарылган.
Чыг.: Причины появления заразных болезней животных, 2 изд., М., 1959.
Ад.: Калугин В. И., Академик Сергей Николаевич Вышелесский, М., 1954.