ВЫГЛАЗОВ

ВЫГЛАЗОВ Григорий Исаевич (1919, Батыш Сибирь крайы, Сузун р-ну, Шайдарово кыш.— 16. 5. 1942, Теми-рово ш.) — ефрейтор, Сов. Союз. Баатыры (22. 2. 1943). Сов. Армиянын катарына 1939-ж. сентябрда Ош обл-нын Гүлчө р-ндук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Улуу Ата Мек. согушта Тун. Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн айрым парашют батальонунда отделение командири. Керчь ж. а-ндагы салгы-лаштарга катышкан. Чалгындоо б-ча берилген приказдарды эр жүрөктүк м-н орундатып, Керчь ж. а-ндагы Те-мирово ш-нын аймагындагы салгы-лашта душмандын 3 танкасын экипа-жы м-н талкалап, 20 фашистти жок кылып, сов. аскерлердин чабуулун улантууга шарт түзгөн. В. ошол чабуулда курман болгон.