ВЫБОРГ

ВЫБОРГ — Ленинград обл-ндагы шаар. Выборг булуңунун (Балтика деңизинин Финн булуңунда) жээгинде. Калкы 71 миң (1976). Порт ж-а т. ж. тоому. Электр аспаптары, балык ө. ж. жабдуулары, курулуш материалдары чыгарылат; тамак-аш, жеңил ө. ж. бар. В. 12-к-дан бери белгилүү. Россия м-н Финляндиянын рев-ячыл кыймылында мааниси чоң болгон. Ал аркылуу рев-я үчүн жашырын ад-ттар, курал-жарактар ташылып турган. Анда 1917-жылдын 17-сентябрынан октябрдын башына чейин В. И. Ленин подпольеде болгон. 1918—40-ж. Финляндиянын карамагында турган. 1940-жылдан баштан СССР м-н Финляндиянын тынчтык келишимине ылайык СССРге кошулган. Авиатех., мед. окуу жайлары, край таануу музейи, В. И. Лениндин музей үйү бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *