ВУЧЕТИЧ

ВУЧЕТИЧ Евгений Викторович [15 (28). 12. 1908, азыркы Днепропетровск ш.— 1974, Москва] — сов. скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1959), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1953), Соң. Эмг. Баатыры (1967). 1943-жылдан КПСС мүчөсү. Совет мамлекетинин тарыхындагы эң маанилүү окуяларды зор реалисттик күч м-н жалпылап берүү, доордун алдыңкы идеяларын чагылдырууга умтулуу — В-тин чыг-лыгындагы негизги касиет. Ал түзгөн образдар көпчүлүк учурда баатырдык-символдук мааниге ээ. Бул анын совет элинин Улуу Ата Мек. согуштагы каарман күрө-шүн көрсөткөн белгилүү чыг-ларынан айкын көрүнөт: генерал-лейтенант М. Г. Ефремовдун Вязьмадагы эстелиги (1946; 1947-ж. СССР мамл. сыйлыгын алган), курман болгон сов. жоокерлери Берлинден Трептов наркына тургузулган эстелик-ансамбль (коло, гранит, 1946—49, арх. Я. Б. Бело-польский ж. б. м-н бирге), «Сага ант беребиз, Ленин…» деген горельеф (1949, башка авторлор м-н бирге, 1950-ж. СССР мамл. сыйлыгын алган), Сталинград майданында курман болгон баатырлардын Мамаев дөбөсүн-дөгү (Волгоград) эстелик-ансамбли (темир-бетон, 1963—67, Я. Б. Бело-польский ж. б. м-н бирге, 1970-ж. Лениндик сыйлык берилген). В. портрет жанрында да ийгиликтүү эмгектенген. Эки жолу Сов. Союз. Баатырлары И. Д. Черняховский (коло, гранит, 1945), В. И. Чуйков (мрамор, 1947) ж-а Т. Т. Хрюкиндердин (мрамор, 1948), Соң. Эмг. Баатыры Н. Ния-зовдун (коло, 1948) портреттери үчүн СССР мамл. сыйлыктарын (1946, 1948, 1949), индиялык саясий ишмерлердин портреттери үчүн Неру атн. сыйлык (1958) алган. Эки Ленин ордени, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Лебедев П. И., Е. В. Вучетич. Альбом, М., 1960;