ВУЛЬГАРДЫК САЯСИЙ ЭКОНОМИЯ

ВУЛЬГАРДЫК САЯСИЙ ЭКОНОМИЯ — бурж. саясий экономиядагы көз караштар жыйындысы. Ал капит. коомдогу экон. мамиле ж-дөгү буржуазиянын карапайым түшүнүктөрү-нө илим сымал кейп берет, капита-лизмди жактоо үчүн андагы карама-каршылыкты жаап-жашырып, экон. процесстердин тышкы көрүнүшүн гана кашытып сыпаттайт. В. с. э. 18-к-дын аягы — 19-к-дын башында капитализмдин ички карама-каршылыгы м-н тап күрөшү күчөгөндөн улам пайда болуп, классикалык буржуазиялык саясий эконо-миянын ордун ээлеген. Анын өкүлдөрү — Франц. экономист Ж. Б. Сей, англ. бурж. экономист Т. Р. Мальтус, амер. экономист Ч. Кэри, мурда А. Смит, Д. Рикардо колдонгон ил. методдордон баш тартып, капит. системаны ачык эле коргоо концепциясын иштеп чыккан. Алар Смит м-н Рикардонун ил. талдоосун көмүскөдө калтырып, капит. түзүлүштүн ке-белбестиги ж-дөгү жаңылыш түшүнүктөрүн өөрчүтөт. Маркстик саясий экономия жаралганда В. с. э-нын жашоочулары бүт кастарын ага каршы тигинин. Маркстик экон. илимди төгүнгө чыгарууга умтулуу жагына айрыкча саясий экономиядагы тарыхый мектеп (Б. Гиль-дебранд, В. Рошер ж. б.) ж-а Австра-лиялык мектеп (К. Менгер, Э. Бём-Баверк ж. б.) айырмаланды. В. с. э-нын өкүлдөрүнүн илимге каршы көз караштарын К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин катуу сынга алган. Азыркы бурж. саясий экономия мурдагы В. с. э-нын теориялык негизин өөрчүтүп, жаңы бир нече реакциячыл агымга тарамдалууда. «Уюткан капитализм», «аралаш экономика», «элдик капитализм», «жалпы бейпилчилик мамлекети» ж. б. теориялар капитализмдин карама-кар-шылыктарын, кризиске терең батка-нын, бардык жагынан кедери кетип бүлүнүшүн жаап-жашырып, коомдук өнүгүүнүн закон ченемин танат, тарыхый процессти токтотууга далбас урат. Азыркы В. с. э. марксизм-лени-низмге, дүйн. соц. системага, эл аралык жумушчу ж-а улуттук-бошт. кыймылга каршы турат.
Ад.: Маркс К., Капитал, т. 1—З, Маркс К., Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т .23, 24, 25; Л е н и н В. И., Жумушчу табы ж-а неомальтузчулук, Чыг., кырг. 1-бас, 19-т; Б е г о н и н И. Г., Критика буржуазной политической экономии, т. 1—3, М., 1962—63; Селигмен Б., Основные течения современной экономической мысли, пер. с англ., М., 1968.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *