ВСЯКИХ Алексей Семёнович

ВСЯКИХ Алексей Семёнович (30. 3. ‘ 1912-ж. т., Казак ССРи, Ак-Моло р-ну, Новочеркасс кыш.) — сов. мал чарба илимпозу. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1951). ВАСХНИЛдин акад. (1975), а. ч. илимд. доктору (1953), проф. (1953), РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1972). Москвадагы Тимирязев атн. а. ч. академиясын бүтүргөн (1936). Кырг-н мал чарба ил. из. ин-туиун зоотехниги, уй чарба бөлүмүнүн башчысы, директорунун орун басары (1943—48), Бүткүл союздук мал чарба ил. из. ин-тунун директоруна ил. жактан орун басар (1948—51), Москвадагы вет. академиясынын мал чарба кафедрасына башчы (1951—61), Бүткүл союздук мал чарба ил. из. ип-туна директор (1961—66) болуп иштеген. 1966-жылдан Бүткүл союздук а. ч. ин-тунун мал чарбасы б-ча өндүрүш-технол. кафедрасына башчы. Уйдун ала-тоо породасын чыгарууга катышкан. Ал а. ч. илимдеринин 3 докторун, 27 кандидатын даярдаган. В. — 155 ил. эмгектин (32 монография) автору. Ил. эмгектери уйдун породасын ж-а кунардуулугун жакшыртууга багытталган. Эмгек Кызыл Туу, Гдараж. Улуу Ата Мекендик Согуш, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Чыг.: Алатауская порода крупного рогатого скота, М., 1954 (совм. с Д. Н. Паком); Теоретические основы племенного дела, М„ 1964.