ВРОЦЛАВ

ВРОЦЛАВ — Польшанын түш.-баты-шындагы шаар. Калкы 523 миң (1970). Вроцлав воеводдугунун админ. борбору. 980-жылдан (байыркы славянча аты — Бреславль) белгилүү. Ал соода м-н кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. Экинчи дүйн. согушта (1939—45) катуу кыйраган. Согуштан кийин калыбына келтирилип, өлкөдөгү экон. ж-а маданий борбордун бирине айланды. Жол катнаш тоому, Одердеги порт. В-да машина куруу (электровоз, вагон, электрондук эсептегич машина, дарыя кемеси, муздаткыч ж. б.), тамак-аш, тигүү, полигр. ө. ж-лары өнүккөн. Ун-т, политех, ии-т ж. б. жог. окуу жайлары, китепкана, опера театры, арх-ралык эстеликтер (готика ратушасы ж. б.) бар.