ВОТКИНСК

ВОТКИНСК — Удмурт АССРиндеги шаар. Вотка ж-а Шаркан д-ларынын тосмосунда жайгашкан. Ижевскиден башталган т. ж-догу эң акыркы станция (64 км). Калкы 86 миң (1976). Машина куруу, чым көң брикет, тактай тилүүчү заводдор ж. б. бар. В. 1759-жылдан бери белгилүү. 1935-жылдан шаар. Шаарда Ижевск мех. ин-тунун кечки филиалы, машина куруу техникуму, мед. ж-а пед. окуу жайлары бар. В-де композитор П. И. Чайковский туулган. Мында анын музей үйү ачылган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *