ВОСХОД

«ВОСХОД» — Жер айланасындагы орбита б-ча учкан көп орундуу сериядагы сов. космос кемелеришш аты. «В-дун» конструкция жагынан «Восток» кемесинен айырмасы: анын жумшак кондуруу системасы, резервдүү тормоздук кыймылдаткыч жасалга-лары, иондуу билдиргич (датчик) аркылуу ориентация жасоочу системасы, өркүндөтүлгөн телевизор ж-а радиотех. аппаратурасы бар. «Вос-ход-1» кемесинин учкуч-космонавт В. М. Комаров (командири), ил. кызматкер К. П. Феоктистов, врач Б. Б. Егоровдордон турган экипажы 1964-ж. 12-октябрда орбитага чыгарылган. Экипажы космонавт П. И. Беляев (командири) ж-а учкуч-космонавт А. Леоновдон турган «Восход-2» кемеси 1965-ж. 18-мартта учурулган. Космонавт А. А. Леонов өз алдынча (жеке) жашоого мүмкүнчүлүк берген скафандр кийип, дүйнөдө биринчи жолу ачык космос мейкиндигине чыккан, кемеден 5 м алыс 20 мин убакыт сыртта жүрүп, сүрөткө тартуу ж-а өлчөө иштерин аткарган.