ВОСХОД ХАНДЕЛЬСБАНК

ВОСХОД ХАНДЕЛЬСБАНК — Цюрих-теги (Швейцария) акционердик коммерция банкы. 1966-ж. уюштурулуп, капиталы 10 млн швейцариялык франк болгон. 1968-ж. капиталы 40 млн швейцариялык франкка көбөйгөн. Ар бир акциянын номиналдуу наркы — 500 швейцариялык франк. Сов. мамл. уюмдар (СССР мамл. банкы, СССР тышкы соода банкы ж. б.) — B. х-ка акционер. Банктын негизги милдети — СССРдин ж-а соц. өлкөлөрдүн Батыштагы мамлекеттер м-н соода байланышын чыңдоо. В. х. банк операциясынын бардык түрүн жүргүзөт. Банк операциясында кредит ж-а эсептешүү көлөмү улам көбөйүүдө. 1971-ж. банк балансы 370 млн швейцариялык франк болгон.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *