ВОСТОЧНЫЙ

ВОСТОЧНЫЙ — Ош обл-ндагы Сүлүктү ш-на караштуу ш. т. посёлка. Сүлүктү ш-нан 10 км батыш тарапта, Пролетарск (Тажик ССРи) т. ж. станциясынан 42 км. Калкы 2602 (1974). В-дын аймагынан комур казып алынат. Май з-ду, орто мектеп ж-а мектеп-интернат, профтех, окуу жайы, клуб, китепкана, оорукана, амбулатория бар. Посёлка 1960-ж. негизделген.
ВОСТОЧНЫЙ — Сокулук р-нундагы Жаңы-Жер сельсоветине караштуу кыштак. «Жаңы-Жер» с-зунун аймагында. Райондун борбору Сокулуктан 43 км түн. тарапта, Шопоков атн. т. ж. станциясынан 48 км. Калкы 1201 (1976). Сегиз жылдык мектеп ж-а фельдшер-акушердик пункт бар.