ВОСКРЕСЕНСК ХИМИЯ КОМБИНАТЫ

ВОСКРЕСЕНСК ХИМИЯ КОМБИНАТЫ В. В. Куйбышев ат н.— күкүрт к-тасы м-н минерал жер семирткич чыгаруу б-ча СССРдеги эң ири ишканалардын бири. Москва обл-ндагы Воскресенск ш-нда, 1931-ж. комбинат жер семирткич катары фосфор унун бере баштайт. 1931-жылдан 1940-жылга чейин комбинатта жөнөкөй суперфосфат, күкүрт к-тасы, сили-кагель, коллоидүү-графит препарат-тар ж. б. чыгарылат. Улуу Ата Мек. согуш жылдары В. х. к-нын айрым бөлүгү өлкөнүн башка р-ндоруна көчүрүлүп, калганы согушка керектүү продукция чыгарууга ылайыкталып, кайра курулган. 1947—68-ж. комбинатта жаңы цехтер курулуп, эскиле-ри реконструкцияланган. 1968-ж. фосфор к-тасын, 1969-ж. татаал жер семирткичиң полиэтилен идишин ж. б. чыгаруучу цехтер уюштурулган. Ленин ордени м-н сыйланган (1966).
БОСС Август Эдуардович [17(30). 10. 1916-ж. т.] — советтик парт, ж-а мамл. ишмер, 1942-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Экон. илимд. кандидаты. Тюмень мугалимдер ин-тун бүтүрүп (1939), орто мектепте иштеген. 1940-ж. ноябрдан Сов. Армияда. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде аскер саясий кызматкери. 1945-ж. Латвия КП БКнын инструктору. 1945—48-ж. КПСС БКга караштуу Жог. парт, мектепте окуган. 1949-жылдан Латвия КП БКда илим ж-а окуу жайлар секторуна башчы; П. Стучка атн. Латыш ун-тинин парт. уюмунун секретары. 1950—53-ж. КПСС БКга караштуу Коомдук ИАнын аспиранты. 1953—54-ж. Латвия КП БКнын илим ж-а мад-т бөлүмүнө башчы, 1954—60-ж. Латвия БКнын парт, органдар бөлүмүнө башчы. 1960— 66-ж. Латвия КП БКнын секретары. 1966-жылдан Латвия КП БКнын биринчи секретары. КПССтин 22—25-съезддерине делегат. 24—25-съезддерде КПСС БКнын мүчөлүгүнө шайланган. СССР Жог. Советине (7—9-шайл.) ж-а Латвия ССР Жог. Советине (4— 8-шайл.) депутат. Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, 3 Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.