ВОРСЯНКАЛАР

ВОРСЯНКАЛАР (Dipsacaceae) — эки үлүштүүлөр классымдагы тукум; бир, эки же көп жылдык чөп өсүмдүктөр. Жөнөкөй же татаал жалбырактары сабакта тушташ жайгашкан. Топ гүлү — башча. Гүлдөрү эки жыныстуу. Мөмөсү — урукча. В-дын жер жүзүндө 8—10 уруусу, 250дөй түрү белгилүү, алар Кытайда, Японияда, Чыгыш Африкада таралган. СССРде 7 УРУУСУ> 70тен ашуун түрү, Кырг-нда З УРУУСУ, 10 түрү бар. Айрым түрлөрүндө алкалоиддер, сапониндер ж-а жыпар жыттуу майлар болот.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *