ВОРОШИЛОВГРАД

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОРОШИЛОВГРАД (1935-жылга чейин ж-а 1958—1970-ж. Луганск) — УССРдин Ворошиловград обл-нын борбор шаары. К. Е. Ворошиловдун ысмынан коюлган. Донбасстагы Лу-гань ж-а Ольховая д-лары кошулган жерде. Калкы 423 миң (1974). Аба, темир ж-а автомобиль жолдор тоому, маанилүү индустр. шаар. Машина куруу (тепловоз, көмүр машиналарын, түтүк, аккумулятор жасоочу) з-ддору ж-а тамак-аш, жеңил ө. ж. бар. Шаар 1795-ж. Лугань д-нын боюнда чоюн куюучу з-д курулганында салына баштаган. Түш. Россияда пролет, рев-янын борборлорунун бири болгон. 1917-ж. Февр. рев-ясынан кийин Лу-ганскиде Жумушчулар депутаттарынын совети уюшулат. Гражд. согуштагы каармандыгы үчүн 1924-ж. Луганск пролетариаты Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган. В-да машина куруу, мед., пед., а. ч. ин-ттары, муз., маданий-агартуу окуу жайлары, филармония, куурчак ж-а драма театр-лары ж-а телеборбор бар. 1970-ж. Октябрь Революциясы ордени м-н сыйланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *