ВОРОШИЛОВГРАД ОБЛАСТЫ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОРОШИЛОВГРАД ОБЛАСТЫ (1958— 1970-ж.— Луганск обл.)— УССРдин түш.-чыгышында. 1938-ж. түзүлгөн. Аянты 26,7 миң км2. Калкы 2819 миң (1976). 18 район, 35 шаар, 106 ш. т. посёлка бар. Борбору — Ворошиловград ш. В. о-нын жери күдүрлүү түздүк. Северский Донецк өрөөнүнөн түн. ж-а түштүктү карай бир аз бийик-тейт (200—300 м). Область жог. сапаттагы таш көмүргө бай; көмүрдүн 2/з бөлүгү антрацит, калган бөлүгү — кокс көмүрү. Климаты мелүүн конти-ненттик. Жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 21,8°С, кышы суук, январ-дагы орт. темп-pa —6°Сден —8°Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 400—450 мм. Дарыяларынын көпчүлүгү Северский Донецк алабында. Сол куймалары: Красный, Боровая, Айдар, Деркул ж. б., оң куймалары — Лугань, Чоң Каменка. Жери кара, чым топурактуу. Токой аз (жалпы аянтынын 7%). Айбанаттары: коён, түлкү, элик ж. б.; канаттуулардан — бүркүт, торгой, жапайы каз, чулдук ж. у. с. Калкынын 55% украин, 41,8% орус., 1,3% белорус ж. б., орт. жыштыгы 1 км2 жерге 103 киши. Шаар калкы 83%. Чоң шаарлары — Ворошиловград, Кадиевка, Коммунарск. Шаардын көбү Совет бийлигинин мезгилинде курулду (мис, Брянск, Ки-ровск, Артёмовен ж. б.). В. о.— СССРдеги оор ө. жайы өнүккөн маанилүү район. Ө. ж. продукциясы 1940-жылга салыштырганда 1969-ж. 6,4 эсе өстү. Дүң продукция-сынан негизги орунду отун ө. ж. (26%), машина куруу ж-а металл иштетүү (19%), кара металлургия (17%), химия ж-а нефть (11%) ээлейт. Бут кийим, байпак, кездеме тигүү ф-калары, эт комбинаты, жемиш консерва чыгаруучу з-ддору, кондитер ф-касы бар. А. ч-на жарактуу жери жалпы аянтынын 82,5% ин (1969) түзөт, анын 63,3% айдоо, 17,5% чабынды ж-а жайыт, 1,7% жемиш багы ж-а жүзүм. Мал чарбачылыгы эт, сүт багытында. 1976-ж. 869,5 миң уй, 516,1 миң чочко, 229,4 миң кой-эчки болгон. Негизги автомобиль жолу: Ворошиловград—Харьков, Ворошиловград—Донецк ж. б. 1975—76-окуу жылында 1164 мектеп (480,5 миң окуучу), 118 профтех, окуу жайы, 36 атайын орто (42,4 миң) ж-а 5 жог. (машина куруу, пед., мед., а. ч., тоо-кен металлургия ин-ттары (39,5 миң студент) окуу жайы болгон. Областта (1976) 944 китепкана, драма ж-а куурчак театры, филармония, музейлер, 848 клуб бар. 1976-ж. 36,9 миң койкалуу 257 ооруканада 6,1 миң врач иштеген. Областтык «Прапор перемоги» («Жеңиш туусу» 1946-жылдан), «Молдогвар-д!эць» (1939) — украин тилинде ж-а «Ворошиловградская правда» (1917) газөталары чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *