ВОРОНОВ Николай Николаевич

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОРОНОВ Николай Николаевич [23. 4(5. 5). 1899, Петербург — 28. 2. 1968, Москва] — сов. аскер кызматкери, артиллериянын Башкы маршалы (1944), Сов. Союз. Баатыры (1965), 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1918-ж. өз ыктыяры м-н Кызыл Армияга кирип, Гражд. согушка катышкан. 2-Петроград ар-тилл. курсун (1918), Командалык составдын артилл. жог. мектебин (1924) ж-а М. В. Фрунзе атн. Аскер акаде-миясын (1930) бүтүргөн. 1918—34-ж. аскердик жетекчи ж-а штаб кызматтарында иштеген. 1934-жылдан 1-Ле-нинград артилл. окуу жайын башкарат. 1937—41-ж. Кызыл Армия артил-лериясына башчы, Артиллериянын башкы башкармасынын башчысына орун басар. 1941-жылдын июлунан 1943-жылдын мартына чейин Коргоо ЭКСтин орун басары, 1950-жылга чейин артиллерияны башкарган. 1950—-53-ж. Артиллерия ИАга президент. 1953—58-ж. Командачылардын согуштук артилл. академиясынын башчысы. 1958-жылдан СССР коргоо мин-восунда жооптуу иштерде иштеген. Улуу Ата Мек. согуш жылдары Жог. Башкы Командачынын өкүлү катары Батыш, Ленинград, Түш.-Батыш, Брянск, Воронеж, Сталинград, Дон ж. б. фронттордогу операцияларды даярдоого ж-а өткөрүүгө катышкан. «Аскер кызматында» (1962) деген китеп жазган. СССР Жог. Советине (2-шайл.) депутат. Алты Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, 1-дараж. З Суворов, Кызыл Жылдыз ордени, чет өлкөлүк 5 орден, медалдар ж-а сый курал м-н сыйланган. Сөөгү Кызыл аянттагы Кремль дуба-лына коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *