ВОРОНЕЖ

ВОРОНЕЖ — РСФСРдин Тамбов, Липецк ж-а Воронеж обл-тарындагы дарыя, Дондун сол куймасы. Токойлуу В. ж-а Талаа В. д-ларынын кошулу-шунан пайда болот. Уз. 342 км, ала-бынын аянты 21 600 км2 (Талаа В-дин уз. 178 км, Токойлуу В. 164 км). Оң жээги бийик ж-а тик, сол жээги түзөң. Кар суусунан куралат. Жылдык орт. чыгымы (Воронеж ш-на жакын) 70,8 мъ\сек. Декабрдын башында тоңуп, марттын аягында ачылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Воронеж, Липецк ш-лары бар.