ВОРОНЕЖ ОБЛАСТЫ РСФСРде

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОРОНЕЖ ОБЛАСТЫ РСФСРде, 1934-ж. 13-июнда уюштурулган. Аянты 52,4 миң км2. Калкы 2484,2 миң (1976). 30 район, 14 шаар, 22 ш. т. посёлка бар. Борбору — Воронеж ш. Область Чыгыш Европа түздүгүндө, Дондун ортоңку алабында. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы түздүгүндө —10,5°С, түштүгүндө —8,5°С. Июлдуку 19,6°С ж-а 21,8°С Жылдык жаан-чачыны 550—560 мм. Дарыялары — Дондун оң куймалары: Белуга, Девица, Потудань; сол куймалары: Воронеж, Осередь. Жери негизинен кара топурактуу, 10%ин токой ээлейт. Жаныбарлары: карышкыр, түлкү, суусар, коён ж. б. Воронеж ж-а Хопер деген коруктары бар. Калкынын 93%—орус (1970). Элинен орт. жышт. 1 км2 жерге 47,4 киши. Шаар калкы 46%. Ири шаарлары: Воронеж, Россошь, Острогожск, Поварино. В. о.— ө. ж. жакшы өнүккөн, интен-сжвдуү а. ч-сы бар район. 1969-ж. 1?13-жылга салыштырганда ири ө. ж-нын дүң продукциясы 233 эсе өскөн. Ө. ж-дын энергет. базасын Воронеж ГРЭСи, Нововоронежск АЭСи түзөт. Ө. ж-нын башкы тармагы — машина куруу. Тоо-кен байытуу ишканаларынын жабдуулары, химия, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж-ларынын, соода, суу чарба ишканаларынын тех-нол. жабдуулары, металл кесүүчү станоктор, усталык-пресс машиналары, экскаваторлор, дан тазалоочу а. ч. машиналары ж. б. чыгарылат. А. ч-да дыйканчылык ж-а мал чарбачылыгы өнүккөн. А. ч. жерлери 5221,6 миң га, андан айдоо аянты 2173,5 миң га. Буудай, арпа, кара буудай, жүгөрү, кызылча, картошка, күн карама айдалат. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Уй 1477,6 миң, чочко 1317,0 миң, кой-эчки 1457,6 миң (1976). В. о-нда жылкы да багылат. Т. ж-нун уз. 1119 км (1976). Автомобиль жолунун уз. 21,0 миң км. Негизги автомагистралы — Москва — Воронеж — Ростов-на-Дону. 1975—76-окуу жылында 1580 жалпы билим берүүчү мектеп, 40 атайын орто, 10 жог. окуу жайы болгон. 1169 китепкана, 5 театр (опера ж-а балет, драма ж. б.) 5 музей, 1500 клуб бар. 1976-ж. 25,6 миң койкалуу ооруканаларда 7,4 миң врач иштеген. Областтык «Коммуна» (1919-жылдан), «Молодой коммунар» (1922) газета-лары чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *