ВОРОНЕЖ ЖЫЛКЫСЫ

ВОРОНЕЖ ЖЫЛКЫСЫ — Воронеж обл-нда асыралуучу жерг. күч унаа. Ал таскактуу жылкыга караганда омоктуу, бирок жүкчүл жылкыдан шайдоот ж-а жүрүштүү келет. Ай-гырынын орт. бийикт. 162, тулку бою 166, көкүрөк курчай өлчөмү 195 см; тирүүлөй орт. салм. 550 кг. В. ж. чымыр ж-а чыдамдуу болот, а. ч. ж-а транспорт жумуштарында пайдаланылат. Саатына 5,8 км жол басып, 4 т га чейин жүк тартат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *