ВОРОЖЕЙКИН Арсений Васильевич

ВОРОЖЕЙКИН Арсений Васильевич [15(28). 10. 1912-ж. т.]—эки жолу Сов. Союз. Баатыры (4. 2. ж-а 19. 8. 1944), авиациянын генерал-майору (1954). 1932-жылдан КПСС мүчөсү. 1931—33 ж-а 1934-жылдан Сов. Армияда. Учкучтардын аскер-авиац. мектебин (1937), ААКтын команда-штур—мандык составынын аскер академия-сын (1942) ж-а Гөнштабдын аскер академиясын (1952) бүтүргөн. Хал-хин-Голдогу ж-а совет-финляндия со-гуштарына (1939—40) катышкан. Улуу Ата Мек. согушта авиаполктун командирине орун басар болгон. 240 согуштук учуу жасап, душмандын 52 самолетун атып түшүргөн. Согуштан кийин штабдык ж-а командирлик кызматтарда иштеген. 1957-жылдан запаста. Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 3-дараж. Суворов, Александр Невский, 2 Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *