ВОРОБЬЕВ Иван Алексеевич

ВОРОБЬЕВ Иван Алексеевич (26. 8. 1921-ж. т.) — эки жолу Сов. Союз. Баатыры (19. 8. 1944; 29. 6. 1945), полковник (1956). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1940-жылдан Сов. Армияда. Тамбов аскер-авиация мектебин (1941) ж-а Кызыл Туулуу Аскер-авиация академиясын (1952) бүтүргөн. Улуу Ата Мек. согушта эскадрилья командири. 400 согуштук учуу жасаган. Согуштан кийин командирлик кызматта жүрүп, 1958-жылдан бери окутуучу. Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1- ж-а 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский, 2 Кызыл Жылдыз ордени ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *