ВОРКУТА

ВОРКУТА —Коми АССРиндеги шаар. Воркута д-нын жээгинде. Калкы 96 миң (1976). В.—т. ж. станциясы; Печора бассейниндеги көмүр казып алуунун ири борбору. Жыгач комбинаты, тех.-оңдоочу, курулуш материалдарын чыгаруучу з-ддор, канаттуулар ф-касы, көмүр ил. из. ин-ту, Ленинград тоо-кен ин-тунун филиалы, тоо-кен техникуму, мед. окуу жайы, куурчак театры ж-а драма театры, телеборбору бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *