ВОЛЫНЬ ОБЛАСТЫ УССРдин

ВОЛЫНЬ ОБЛАСТЫ УССРдин составында 1939-ж. 4-декабрда түзүлгөн. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 975 миң (1970). Областта 15 район, 10 шаар, 21 ш. т. посёлка бар. Борбору — Луцк ш. В. о. Украинанын түн.-батышында-гы Полесье ойдуңу м-н Волынь дөң-сөөсүн ээлеп жатат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —4,5°С, июлдуку 18,6°С. Жылдык жаан-чачыны 550—600 мм. Ири дарыялары: Припять (куйма лары Турья, Стоход, Стырь), Буг. Көлдө-рү: Свитязь, Орехово, Пулемецк ж. б. Жеринин кыртышы күлдүү ж-а кара топурактуу. Аянтынын 32,5% токой. Айбанаттары: багыш, элик, каман, түлкү, кашкулак, ондатра ж. б. Калкынын көбү (95%) украин, калганы—орус, поляк, еврей. Орт. жыштыгы 1 км2 ге 48,3 киши. Шаар калкы 32% (1970). Шаарлары: Луцк, Но-воволынск, Ковель, Владимир-Волынск ж. б. 1970-ж. В. о-нын бардык ө. ж. дүң продукциясы 1940-жылга салыштырганда 15 эсе өскөн. Ө. ж-нын башкы тармактары: тамак-аш, көмүр казып алуу, машина куруу ж-а металл иштетүү. Тамак-аш ө. ж-нан кант (Гнидавск, Владимир-Волынск, Гороховск, Иваничевск), консерва (Луцк, Рожищенск, Владимир-Волынск), май-сүт, пиво ж-а нан з-д-дору, эт комбинаттары (Луцк, Ковель, Нововолынск), тегирмен иштейт. Львов-Волынь бассейнинен таш көмүр казып алынат. Луцкиде авторефрижератор, автомобиль, прибор жасоо, электр аппарат з-ддору, Нововолынск ж-а Рожищеде машина оңдоо з-ддору бар. Цумань, Киверпы, Луцк ш-ларын-да жыгач иштетилет. Ковелде а. ч. машина куруу з-ду (1971) курулууда. Жеңил ө. ж-нан тигүү, бут кийим, зыгыр иштетүү, кездеме токуу өнүккөн. В. о-нын а. ч-сы дан ж-а тех. өсүмдүктөргө, эт-сүт багытындагы мал өстүрүүгө багытталган. А. ч-сына жарактуу жери 1,0 млн га. Анын 34,2% айдоо, 10,3% чабылды, 9,3% жайыт. Айдоо аянты 687,4 миң га (1969), анын ичинен дан эгиндери (кара буудай, жүгөрү, арпа) 239,5 миң га, тех. өсүмдүктөр 72,6 миң га. 1970-ж. 664,4 миң уй, 429,6 миң чочко, 110,1 миң кой-эчки болгон. Т. жолунун уз. 582 км. Областтын аймагынан Киев— Брест, Луцк -— Львов автомобиль жолдору өтөт. 1969—70-окуу жылында 997 мектеп (207,4 миң окуучу), 15 профтех, окуу жайы (7,8 миң), 18 атайын орто (11,9 миң) ж-а 1 жог. (пед. ин-т, Луцк) окуу жайы, 775 китепкана, 983 клуб болгон. 1970-ж. областтын 9,8 миң койкалуу ооруканаларында 1,7 миң врач иштеген. Областтык «Радянська Волинь» (1940-жылдан) ж-а «Молодий леншець» (1939) газе-талары чыгат.