ВОЛХОВ

ВОЛХОВ — РСФСРдин Новгород ж-а Ленинград обл-тарындагы дарыя. Ильмень көлүнөн башталып, Ладога көлүнө куят. Уз. 224 км, алабынын аянты 80 200 км2. Негизги куймалары: Оскуя, Пчевжа, Кересть, Тигода. Жылдык орт. чыгымы 586 мъ\сек. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Көмө жүрөт. Жээгинде Новгород, Волхов, Кириши, Жаңы Ладога ш-лары жайгашкан. Дарыяда В. И. Ленин атн. Волхов ГЭСи курулган.