ВОЛОКАЛАМСК

ВОЛОКАЛАМСК — Москва обл-ндагы Волоколамск р-нунун борбор шаары. Волоколамск т. ж. станциясынан 5 км. Калкы 15 миң (1970). А. ч. продукция-сын кайра иштетүү, ремонт-мех. з-ддору, тигүү ф-касы бар. В.— орустун эски шаарларынын бири. 12-к-дын 1-жарымынан белгилүү. Политехникум, зоовет. техникуму бар. Улуу Ата Мек. согуштун убагында В-ден 9 км аралыктагы Дубосеково разъездиндө (1941, ноябрь) 28 панфиловчу гитлер-чил баскынчыларга каршы салгылаш-та өрнөктүү эрдик көрсөтүп, душмандын танкаларын Москвага карай өткөрбөй токтоткон. Нелидово кыш-нын (Дубосеководон 1,5 км) четинде 28 баатырга эстелик орнотулган.