ВОЛОГДА

от123

Июн 26, 2020

ВОЛОГДА — РСФСРдеги Вологда обл-нын борбору. Москва — Архангельск ж-а Ленинград — Киров т. ж. тармак-тарынын тоому. Вологда д-нын боюндагы пристань. Калкы 205 миң (1974). Ө. ж-нын негизги тармагы: машина куруу ж-а металл иштетүү (жыгач иштетүүчү станок, тактай тилчү рама, карагай тапшыр машина, подшипник жасоо; локомотив-вагон оңдоо, ремонт-мех. ишканалар). Тамак-аш ө. ж. 2-орунда (эт, сүт комбинат-тары, май, ликер-арак, пиво з-ддору; фармацевтика ф-касы). Жеңил ө. ж. да өнүккөн: зыгыр була комбинаты, тигүү, тери өңдөө ф-калары, мебель комбинаты. Пед. ж-а сүт кесипчилик ин-ттары, атайын орто окуу жайлары (целлюлоза-кагаз, т. ж. трансп. техникуму ж. б.), драма театры, край таануу музейи бар. В. 1147-жылдан белгилүү.

от 123