ВОЛОГДА ОБЛАСТЫ РСФСРдин

ВОЛОГДА ОБЛАСТЫ РСФСРдин составында 1937-ж. 23-сентябрда түзүлгөн. Аянты 145,7 миң км2. Калкы 1286 миң (1976). В. обл-нда 26 район,15 шаар, 11 ш. т. посёлка бар. Борбору— Вологда ш. В. о. Чыгыш Европа түздүгүнүн (150—200 м бийикте) түн. бөлүгүн ээлеп жатат. Областтын батыш бөлүгүндө Онега бою, Молого-Шексинск ойдуңдары, борб. бөлүгүндө Вологда, Галич дөңсөөлөрү, чыгыш тарабында кокту-колоттуу түздүктөр жатат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы батышында —1ГС, чыгышында —14°С Июлдун орт. темп-расы 17—18°С Жылдык жаан-чачын 560—580 мм. Дарыя, көлдөрү Балтика, Ак ж-а Каспий деңиздеринин ала-бына тиешелүү. Эң ири дарыясы — Сухона. Көлдөрү: Онега, Ак. Суулары м-н көлдөрү ө. ж-ды, үй тиричилик™ суу м-н камсыздандыруу-да мааниси чоң. Кыртышы түн. бөлүгүндө күлдүү, түштүгү чым-күлдүү топурак. Аянтынын 2/3 бөлүгү — токой, 10% —шалбаа, 12%— саз. Жаныбарлары: ак коён, тыйын чычкан, күрөң аюу, токой суусары, кашкулак, карышкыр, түлкү. Көлдөрүндө ж-а сууларында балыктын түрлөрү көп. Калкынын 98% — орус, орт. жыштыгы 1 км2 жерге 9 киши. Шаар калкы 48%. Башкы шаарлары—Вологда, Череповец. 1940-жылдан 1969-жылга чейин дүң продукциясы 9 эсе өстү. Ө. ж. тармагындагы дүң продукциясынын салышт. салм. (1969): кара металлургия 42%, токой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз 18%, тамак-аш 15%, жеңил ө. ж. 14,3%, машина куруу ж-а металл иштетүү 7% ж. б. Оор ө. ж-нан кара металлургия алдыңкы орунда. Машина куруу (жыгач иштеп чыгарууга, эт-сүт ө. ж-н жабдуу үчүн) жакшы өнүккөн. В. о-нда 1976-ж. 141 колхоз, 167 совхоз болгон. А. ч-на пайдаланылуучу аянты 1710 миң га. Айдоо (миң га)—858, Кара буудай, арпа, сулу, буурчак, картошка (жеринин көп бөлүгүндө), жер-жемиш айдалат. Т. ж-нун уз. 747 км, шоссе 11213 км, суу жолу 11 миң км. 1975—76-окуу жылында 1246 жалпы билим берүүчү мектеп, 45 профтех., 27 атайын орто окуу жайлары (Вологда ш-нда), сүт, пед. ин-ттары, Череповец ш-нда пед. ин-т болгон. 933 китепкана, драма, куурчак театр, музейлер, 1116 клуб бар. 1976-ж. 16,6 миң койкалуу ооруканаларда 2,8 миң врач иштеген. Областтык «Красный Север» (1917-жылдан), «Вологодский комсомолец» (1938) газеталары чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *