ВОЛКОВ Владислав Николаевич

ВОЛКОВ Владислав Николаевич (23. И. 1935-30. 6. 1971) — СССРдин уч-куч-космонавты, эки жолу Сов. Союз Баатыры (22. 10. 1969 ж-а 30. 6. 1971). 1965-жылдан КПСС мүчөсү. 1959-ж. Москва авиац. ин-тун бүтүрүп, конструктордук бюродо иштейт. 1966-ж. космонавттар отрядына кабыл алынган. 1969-ж. 12—17-октябрда «Союз-7» кеме-спутнигинде (А. В. Фи-липченко ж-а В. В. Горбатко м-н бирге) борт-инженер болуп космосто учкан. «Союз-7» кемесинин экипажы «Союз-6» ж-а «Союз-8» космос көме-лери м-н биргелешип кошо учкан. В. 1971-жылдын 6-июнунда Жердин спут-нигинин орбитасына чыгарылган «Союз-11» кемесинин экипажына борт инженер болуп катышкан. 1971-ж. 7-июнда «Союз-11» кемеси 1971-ж. 19-апрелден баштап орбитада учуп жүргөн «Салют» ил. станциясына жакындап, биригишкен. Биригшнип учуу 23 суткага жакын созулган. Учуунун программасын орундатып, 1971-ж. 30-июнда Жерге кайтып келе жатканда, В. ж-а экипаждын калган мүчөлөрү курман болушту. Ленин ордени м-н сыйланган. В-дун сөөгү Кызыл Аянтта Кремль дубалына коюлду.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *