ВОЛКОВА Анна Александровна

ВОЛКОВА Анна Александровна (12.1. 1902-ж. т., Пенза обл., Кузнецк ш.) — сов. микробиолог, вет. илимд. доктору (1951), проф. (1951). Кыргыз ССР ИАнын акад. (1955), биол. бөлүмүнүн акад.-секретары (1955—57), вице-президенти (1957—60). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1947). 1943-жылдан КПСС мүчөсү. Саратов вет, ин-тун (1924) бүтүргөн. 1930-жылга чейин ветврач. 1930-жылдан Өзб-ндын ж-а Кырг-ндын вет. ил. из. мекемелеринде ил. кызматкер. В. 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиол. ин-тунун микробиол. лабор-ясынын башчысы. В-нын 150дөн ашык ил. эмгеги бар, алар негизинен койдун жугуштуу ооруларын изилдөөгө арналган. СССР Жог. Советинин (3-шайл.) депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1947). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Чыг.: Койлордун кыртыштагы микроб-дордон пайда болуучу жугуштуу оорулары, Фр., 1954; Койлордун некробацил-лёзу, (В. И. Овчаренко, Р. С. Галиев менен бирге), Фр., 1965; Дизентерия ягнят в Киргизии, «Тр. Кирг, науч.-исслед. ветеринарной опытной станции», 1940, в. 1; Учение о природной очаговости болезней, «Изв. АН Кирг. ССР», 1972, М 5; Паратиф овец и пути его ликвидации, «Изв. АН Кирг. ССР», 1974, № 5.