ВОЛЕЙБОЛ

ВОЛЕЙБОЛ (англ. volley —учуп баратканда кайта уруу ж-а ball — топ) — топ м-н ойноочу командалык спорт оюну. Топ булгаарыдан жасалат, салм. 285 г, айланасы 69 см. Жалпы аянты 18X9 м2 келип, тең экиге бөлүнгөн аянтчада ойнолот. Аянттын тең ортосуна эркектер үчүн бийикти^ ги 2,45 м ж-а аялдар үчүн 2,25 м келген атайы тор тартылат. Оюнга 2 тараптан бдан киши катышат. Оюндун негизги шарты — топту кол м-н уруп, тордун ары жагына ашыруу. Аянтчадан сыртка түшсө, оюн жы-дыйт. Оюн 3 же 5 партиядан турат, ар бир партия бир тарап эсепти 15ке жеткиргиче ойнолот. Эсеп 14кө чейин тең келип калса, оюн улана берет да, тараптардын бири 2 топ ашык кир-гизгиче ойнолот. Бул оюн 1895-ж. АКШда пайда болгон. Европада 1-жолу Чехосл-яда ойнолгон. 1947-ж. В-дун эл аралык федерациясы (ФИВБ) уюштурулуп, 1971-ж. ага 110 өлкө мүчө болгон. СССРде В-дун эрежеси 1926-ж. бекитилген. 1932-ж. Бүткүл союздук В-дук секция (СССРдин азыркы волейбол федерациясы) түзүлгөн. 1938-жылдан жыл сайын клубдун командалар үчүн өлкөнүн биринчилиги өткөрүлүп турат. В. Кырг-нда да массалык түрдө өнүккөн. Респ-канын эркектер, аялдар командалары өлкөнүн биринчилиги үчүн мастерлер классында ойнойт. В-дун секциялары ар бир физкультура коллективинде бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *