ВОЛГОГРАД

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОЛГОГРАД (1925-жылга чейин Ц а-р и ң ы н, 1961-жылга чейин Сталинград) — РСФСРдин Волгоград обл-нын борбор шаары, Волга д-нын төмөнкү агымында, анын оң жээгинде. Калкы 885 миң (1974). Ири порт ж-а маанилүү т. ж. тоому. В. 7 ад-мин. районго бөлүнөт. Шаар 1589-ж. Царица суусу Волга-га куйган жерге маңдайлаш аралга салынган. 17-к-дын башында өрттөнүп кетип, 1615-ж. Волганын оң жээгине кайра курулган. 17—18-к-дагы элдик көтөрүлүштөр мезгилинде Царицын феод, эзуүгө каршы элдик күрөштүн ири борбору болгон. Россияда капитализм өнүккөндө (19-к-дын 2-жарымы) шаарда ө. ж. тездик м-н өсө баштайт. 1905-ж. В-да с.-д. уюм түзүлөт. Шаардын жумушчулары 1905—07-жылдагы рев-яга ж-а Улуу Окт. Соц. рев-ясына активдүү катышкан. Царицында Совет бийлиги 1917-ж. 4(17)-ноябрда орногон. Беш жылдыктар мезгилинде шаарда 50-дөн ашык жаңы завод, асыресе СССРдеги туңгуч трактор з-ду курулган. Улуу Ата Мек. согуш учурунда Сов. Армиянын ж-а шаар калкынын каармандык коргонуусунан В-дын өзүндө ж-а чет жакасында фаш. тандамал армиялар талкаланган (1942-ж. февр., к. Сталинграддагы салгылашуу, 1942—43). Сталинград баатыр шаар деген наамга татыктуу болгон. Немең фашист баскынчыларына каршы күрөштө В. эмгекчилеринин көрсөткөн каармандыгы үчүн 1965-ж. 8-майда шаар Ленин ордени ж-а Алтын Жылдыз медалы м-н сыйланган. Фаш. аскерлер аябай бүлүндүргөн шаар согуштан кийин кайра калыбына келтирилди. В. — Волга боюндагы ири ө. ж. борборлордун бири. Башкы тармактары: машина куруу, металл иштетүү, металлургия, химия, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш ж-а жыгач иштетүү. Негизги өндүрүш ишканалары: трактор заводу, металлургия, алюминий, кеме куруу, нефть иштетүү, газ аппараттарын, трактор деталдарын, мед. жабдууларды, труба, мотор чыгаруучу ж. б. з-ддор. 22-партсъезд атн. Волга ГЭСи, Волга ГРЭСи, ТЭЦ-2 сыяктуу энергет. кубаттуу түйүндөрү бар. В-да 6 жог. (политех., шаар чарба инженер, а. ч., мед., пед., физ-ра ин-ттары), 18 атайын орто окуу жайы, 2 ил. из. ин-т, 9 музей, 4 театр, филармония бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *