ВОЛГОГРАД ТРАКТОР ЗАВОДУ

ВОЛГОГРАД ТРАКТОР ЗАВОДУ Ф. Э. Дзержинский атн. (1961-жылга чейин Сталинград трактор з-ду, СТЗ) — СССРдеги трактор куруу ишканаларынын ириси, сов. туңгуч трактор з-ду. 1930-ж. ишке берилген, 1930—37-ж. керосин м-н жүрүүчү 30 а. к. бар дөңгөлөктүү СТЗ-1 трак-торлорун чыгарган. Завод 1937-ж. ре-конструкцияланып, СТЗ-НАТИ (сов. туңгуч гусөницалуу) тракторун а. ч-сына жөнөткөн. Улуу Ата Мек. согуш башталганда согуш техникасын ж-а курал-жабдыгын чыгарууга өткөн. Согушта бүт талкаланган завод шаар бошотулганда эле калыбына келтириле баштаган. 1949-ж. 17-июн-дан баштап СТЗ-НАТИ трактору чыгарылган. Согуштан кийин заводдон ДТ-54 (1949), ДТ-55 (1955), ДТ-75М (1967) тракторлору чыккан. 1964-ж. завод реконструкңиялана баштап, 1968-ж. толук аяктаган. ‘ 1970-ж. миллионунчу трактор эл чарбасына жөнөтүлгөн. Азыр завод чыгарган тракторлор дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иштейт. Завод 2 Ленин ордени, Кызыл Туу ж-а 1-дараж. Ата Мекендик Согуш ордендери м-н сыйланган. Анын продукциясы бүткүл дүйн. көргөзмөдө «Гран при» аттуу чоң алтын медалга (Париж, 1938; Брюссель, 1958) ж-а 1-дараж. дипломго (Дамаск, 1958) татыктуу болгон.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *