ВОЛГОГРАД СУУ САКТАГЫЧЫ Волга д-нда. КПССтин 22-партсъезд атн. Волга ГЭСинин плотинасынан пайда болгон. РСФСРдин Саратов м-н Волгоград обл-тарынын аймагында жайгашкан суу сактагыч. 1958—61-ж. толтурулган. Аянты 3117 км2, көлөмү 31,5 км3, уз. 540 км, эң жазы жери 17 км, орт. тереңд. 10,1 м. Суу сактагыч жыл мезгилине жараша суу агымын жөнгө салып турат да, аймакты энергетика, суу жолу, сугат ж-а суу м-н камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Сазан, судак балыктары кармалат. Жээгинде Саратов, Энгельс, Камышин ж-а Дубовка ш-лары бар.

от 123