ВОЛГОГРАД ОБЛАСТЫ

ВОЛГОГРАД ОБЛАСТЫ (1961-жылга чейин Сталинград областы) РСФСРдин составында 1936-ж. 5-де-кабрда түзүлгөн. Аянты 114,1 миң км2. Калкы 2438 миң (1976). 32 район, 18 шаар, 25 ш. т. посёлка бар. Борбору — Волгоград ш. В. о. Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-чыгышында. Батыш тарабы дөң-сөөлүү, кокту-колоттуу; чыгышы түзөң. Климаты континенттик. Кар аз түшөт, кышы суук; жайы кургак, ысык. Январдын орт. темп-расы түш.-батышында — 8° С, түн.-чыгышында— 12° С. Жайында 22° С, 24° С. Жылдык жаан-чачыны 450 мм. Область аркылуу Волга ж-а Дон д-лары агып өтөт. Волгоградск, Цимлянск суу сакта-гычтары, Эльтон, Боткуль, Горько-Солёный туздуу көлдөрү бар. Терр-ясынын 83% талаа зонасында, түн.-батыш бөлүгү кара, калган жеринин кыртышы кара күрөң ж-а күрөң топурактуу. Аянтынын 4% токой (эмен, клён ж. б.). Айбанаттары: карышкыр, сары чычкан, кош аяк, түлкү, бөкөн; канаттуулары: тоодак, торгой ж. б. Калкынын 90% орус, калганы украин, казак, татар ж. б. Элинин 66% шаарда (1970). Калктын орт. жыш. 1 км2 ге 21 киши. Шаарлары: Волгоград, Волжский, Камышин, Михай-ловка ж. б. В. о.— Волга боюндагы ири ө. ж. жана а. ч. району. Ө. ж-нын ири тармактары: электр энергетика (Волга ГЭСи, Волгоград ГРЭСи ж-а ТЭЦ-2, Камышинск, Михайловск, Волга ТЭЦтери), металлургия (сапаттуу металл, труба, болот зым-аркан, алюм. з-ддору), машина куруу (Вол-гограддагы трактор, кеме, нефть машиналарын куруу з-ддору). Нефть-газ ө. ж. өнүгүп, Волгоград нефть иштетүү з-ду курулду. Тез темп м-н химия ө. ж. өсүүдө, ал тех. спирт, тоют ачыткычын, каустикалык сода, углекислота ж-а а. ч. химикаттарын өндүрөт. Волгоградда горчичник чыгаруучу СССРдеги жалгыз з-д бар. Курулуш материалдары жасалат. 40тан ашык кирпич-черепица з-д иштейт. Текстиль ө. ж. Камышин ш-нда, жыгач иштетүү Волгоградда. Тамак-аш ө. ж. (эт-сүт, ун, май, консерва) жакшы өнүккөн. Областта 198 колхоз, 227 совхоз бар (1976). А. ч-сына жарактуу жердин 66% айдоо аянты, жайыт 30%, чөп чабык 3%. Буудай, арпа, кара буудай, жүгөрү, картошка айдалат. Уй, кой-эчки, чочко багылат. Т. ж-дун уз. 1651 км (1976). Ири т. ж. тоому — Волгоград. В. И. Ленин атн. Волга-Дон каналы (уз. 101 км) ж-а Волга, Дон, Ахтуба, Хоп-ру д-ларында кеме жүрөт. Чоң порт-пристандары: Волгоград, Волжский, Дубовка. 1975—76-окуу жылында 1501 жалпы билим берүүчү мектеп, 57 профтех., 37 атайын орто, 6 жог. (политех., шаар чарба инженер, а. ч., мед., пед., физкультура ин-ттар бардыгы Волгоград ш-нда) окуу жайлары болгон. Областта 5 театр, филармония, 1055 китепкана, 8 музей (анын ичинде Мамл. коргонуу музейи), 1392 клуб ж. б. болгон. 1970-ж. 24,7 миң койкалуу ооруканаларда 8 миң врач иштеген. Областтык «Волгоградская правда» (1917-жылдан), «Молодой ленинец» (1928) газеталары чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *