ВОЛГОГРАДДАГЫ

ВОЛГОГРАДДАГЫ «КРАСНЫЙ ОКТЯБРЬ» МЕТАЛЛУРГИЯ ЗАВОДУ — өлкөдөгү сапаттуу болот чыгаруучу нрн ишканалардын бири. Завод 250 дөн көп ар кандай прокат ж. б. металл чыгарат. Заводду 1897-ж. Франңиянын акционер коому курган. Гражд. согущ ж-а интервенция убагында (1918— 20), айрыкча Ца-рицынды коргоодо Кызыл Армия үчүн бронепоезд даярдап, курал-жабдык ремонттогон. Согушка чейинки 5 жылдыктарда (1929—40) толугу м-н реконструкцияланыш автомобиль ж-а трактор ө. ж-на, а. ч. машиналарын курууга керектүү сапаттуу болот чыгаруу базасына айланган. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде завод толук талкаланып, Сталинград салгыла-шынан 5 ай өткөндө кайрадан иштей баштаган. Заводдо 1969-ж. 1913-жылга салыштырганда болот өндүрүү 11, прокат 13 эсе көбөйгөн. Завод Ленин ордени, Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.