ВОЛГА

ВОЛГА (байыркы аты Р а, о. к-да И т и л ь же Эт е л ь) — Жер шарындагы ири дарыялардын бири, Европадагы эң чоң дарыя, СССРдин Европа бөлүгүндө. Уз. 3530 км, алабынын аянты 1360 миң км2. Валдай дөңсөө-сүнөн (бийикт. 228 м) башталып, Каспий деңизине куят (чаты деңиз деңг. 28 м төмөн). Алабы батышында Валдай ж-а Орто Орус дөңсөөлөрүнө, чыгышында Урал тоолоруна чейин созулуп, токой, токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл зоналарынан агып өтөт. Кеме жүрүүгө ыңгайлуу тереңдик™ сактоо үчүн Волго көлү-нөн төмөнүрөөк 1843-ж. байламта (Жог. Волга бейшлоту) курулган. Калинин м-н Рыбинск ш-нын аралыгында Волга, Углич, Рыбинск суу сактагычтары ж-а ГЭСтер курулган. Рыбинск—Ярославль р-нунда ж-а Костромадан төмөн жээги бийиктеп, кууш өрөөн аркылуу Углич-Данилов ж-а Галич-Чухлом дөңсөөлөрүн кесип өтүп, Унжа ж-а Балахна ойдуцдарын бойлой агат. Горький шаарынан жогорураак Горький ГЭСи ж-а суу сактагычы курулган. Ока д. куйгандай баштап Волга бою дөцсөөсүнүн түн. жагы м-н агат. Оң жээги бийик, сол жээги жапыз, түзөң. Кама д. куйган жерден Волга бою дөңсөөсүн бойлой агып, Жигули тоосун айланып өтөт. Бул жерде В. И. Ленин атн. Волга ГЭСи, жогорураак Куйбышев суу сактагычы, Балаково ш-на жакын Саратов ГЭСи курулган. Волгоград шаарынан жогорураак В-дан Ахтуба д. бөлүнүп чыгат. Ахтубанын башталышы м-н Волгограддын аралыгында КПССтин 22-съезди атн. Волгоград ГЭСи курулган. Астрахань ш-нан 46 км түндүгүрөөк В-нын дель-тасы башталат. В-нын 200дөн ашык куймасы бар, ирилери: Ветлуга, Кама (сол жагынан); Ока, Сура (оң жагынан) ж. б. Негизинен кардан (60%), булактардан (30%) ж-а жамгырдан (10%) куралат. Суусу жаз-күздө кирип, кыш-жайда тартылат. Жылдык орт. чыгымы Жог. Волга бейшлотун-да 29 мг1сек, Калининдө — 182, Ярос-лавлда —1110, Горькийде—2970, Куй-бышевде — 7720, Волгоградда — 8060 мг\ееп. Эң көп чыгымы Каманин куйган жеринде 67 000 мъ\сек, Волгоградда 52 000 м3/сек. Суунун темп-расы жайында (июль) 20— 25°Сге жетет. Жог. ж-а ортоңку агымы ноябрда тоңуп, апрелдин башында ачылат, төмөнкү агымы де-кабрдын башында тоңуп, марттын аягында ачылат. В-да балыктын 70 түрү бар, алардын 40 түрү (вобла, сельдь, сазан, осетр, стерлядь ж. б.) промые елдик. Дарыя Балтика децизи м-н Волга-Балтика суу жолу ж-а Вышневолоцкий, Тихвин системалары; Ак деңиз м-н Түн. Двина системасы ж-а Ак де-ңиз-Балтика каналы; Азов ж-а Кара деңиздери м-н В. И. Ленин атн. Волга-Дон каналы аркылуу байланышат. Чатынан Ржев ш-на чейин кеме жүрөт. СССРдеги суу жолу б-ча тайгылган жүктөрдүн 2/3 бөлүгү В-га туура келет. Негизги жүктөрү: жыгач, нефть, курулуш материалдары, дан, туз, балык, кебез, жашылча-жемиш ж. б. Ири порттору: Калинин, Рыбинск, Ярославль, Горький, Чебоксары, Казан, Ульяновск, Тольятти, Куйбышев, Саратов, Волгоград, Астрахань.
Ад.: Соколов А. А., Гидрография СССР (воды суши), Л., 1964; Г и н к о С. С, Покорение рек, Л., 1965; Чернецов Г. Г., Чернецов Н. Г., Путешествие по Волге, М., 1970.