ВОЛГА—УРАЛ НЕФТЬ-ГАЗ ОБЛАСТЫ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОЛГА—УРАЛ НЕФТЬ-ГАЗ ОБЛАСТЫ — СССРдеги нефть м-н газ кендери жайгашкан аймактардын бири. Ал Чыгыш Европа платформасынын чегинде, Татар, Багдкырт, Удмурт ав-тоном. респ-калары м-н Пермь, Оренбург, Куйбышев, Саратов, Волгоград, Киров, Ульянов обл-тарынын аймактарынан орун алган. Бул аймакта нефть м-н асфальттын чыккан жерлери жерг. элге 18-к-дан белгилүү болгон, бирок алардын алгачкы кени 1929-ж. гана сов. геологдор тарабынан ачылган. Аймакта 400дөн ашык нефть кени, 50ге жакын газ кени бар. Область негизинен палеозой ж-а мезозой замандарынын чөкмө тоо текте-ринен түзүлгөн; фундаменти кемб-рийге чейинки мезгилдин гнейстери м-н кристаллдык сланецтеринен турат. Кендер негизинен девон, карбон, пермь ж-а юра мезгилдеринин чөкмөлөрүнүн арасындагы 1600—■ 3000 м тереңдикте жайгашкан 30 м гө чейинки калыңдыктагы кумдук, аки таш теги, доломит, алевролит ж-а чо-полуу тоо тектердин кабаттарында, тектоникалык көтөрүлүүгө дуушар болгон жерлерге (брахиантиклинал-дарга) топтолгон. Аймактагы кендер-дин көпчүлүгү көп кабаттуу. Мис, Муханово 12, Дмитровское 9, Покров-ское 7 нефть ж-а нефть-газ кабатта-рынан турат. Областтагы кендер неф-тинин составы ж-а сапаты б-ча ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт; газ өтө тереңдикте топтолуп, конденсаттуу. Аймактагы кендердин базасында көптөгөн нефть-хим. ж-а нефть иштетүү ишканалары түзүлгөн. Аларда спирт, чайыр, синтет. каучук ж-а була, азот жер семирткичтери ж. б. нефть химия продуктуларынын ЮОдөн ашык түрү чыгарылат. Аймактан чыккан нефти-нин көпчүлүгү ж-а газдын бир азы-раагы, о. эле нефть-хим. продуктулар өлкөбүздүн бардык р-ндоруна ж-а чет өлкөлөргө («Достук» нефть жүр-гүчү б-ча Полынага, ГДРге, Чехосл-яга, Венгрияга) жиберилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *