ВОЛГА КАСКАДЫ

ВОЛГА КАСКАДЫ — Волга д-ндагы гидротех. курулуштардын Европадагы ири комплекси. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 10 Гвт ка (10 млн кет) жакын, жылдык орт. өндүрүмдүүлүгү 40 млрд кет-с тан жогору. Каскаддын долбоорундагы 8 ГЭСтин жетөө 1970-жылдан бери пайдаланылууда. Дарыянын гидроресурстарын пайдалануу 1937-ж. Москва—Волга (азыр Москва атн.) каналын куруудан башталган. Каналдын башкы курулушу — Иваньков ГЭСи (кубаттуулугу 30 М е г). 1935-ж. Углич ж-а Рыбинск гидротүйүнү курула баштайт. Кубаттуулугу 110 Мвт, жылдык орт. электр энергиясын өндүрүү 212 млн кет-с. 1940-ж. Углич ГЭСи пайдаланууга берилген. Рыбинск ГЭСинин кубаттуулугу 330 Мвт. Жылдык орт. электр энергиясын өндүрүү 1,1 млрд кет-с. Бул дарыяда кубаттуулугу 520 Мвт Горький ГЭСи бар. Долбоордогу кубаттуулугу 1,4 Гвт Чебоксары ГЭСинин курулушу 1968-ж. башталган. Мындан тышкары В. И. Ленин атн. Волга ГЭСи (кубаттуулугу 2,3 Гвт), Саратов ГЭСи (кубаттуулугу 1,29Гвт), КПССтин 22-съезди атн. Волга ГЭСи (кубаттуулугу 2,54 Гвт) иштейт. Волга суусун эл чарбасынын керектөөсүнө ж-а жыл мезгилине жараша бөлүштүрүүдө В. к-нын суу сактагыч-тары чоң мааниге ээ. Волга боюндагы ГЭСтер өлкөбүздүн борб. райондорун арзан электр энергиясы м-н жабдыйт, алар — СССРдин Европа бөлүгүндөгү энергосистемасынын маанилүү түйүн-Дөрү.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *