ВОЛГА-ВЯТКА ЭКОНОМИКАЛЫК РАЙОНУ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОЛГА-ВЯТКА ЭКОНОМИКАЛЫК РАЙОНУ — СССРдеги ири экон. райондордун бири. Анын составына Горький, Киров обл-тары, Мари, Мордва ж-а Чуваш АССРлери кирет. Аянты 263,3 миң км2. Калкы 8,3 млн (1970). Мында орус (82%), чуваш (10%), мордва (4%), мари (3%), татар (1%) сыяктуу улуттар жашайт. Калкынын 53% шаарда. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы Горькийде —11°С, Киров обл-нын түндүгүндө — 16°С Июлдун темп-расы 19°С ж-а 17°С Жылдык жаан-чачыны Волга боюнда 500—600 мм. Ири дарыялары: Волга, Ока, Вет-лута, Вятка. Ө. ж-нын негизги тармагы — машина куруу ж-а металл иштетүү. Райондогу ири ө. ж. түйүнү — Горький ш. ж-а анын айланасындагы Бор, Кстово, Балахна ж. б. шаарлар. Горькийде автомобиль з-ду, фрезердик станок ж-а телевизор чыгаруучу з-ддор, Новогорьковскиде нефть иштетүү, Чернореченскидө химкомбинат, Горький ГЭСи, Балахна ГЭСи ж. б. бар. Жалпы айдоо аянты 7,8 млн га, чабынды ж-а жайыт 2,8 млн га. РСФСР б-ча райондун а. ч. продукциясынын үлүшү (1969, % м-н): буудай — 3,2, картошка — 12, жер-жемиш — 5,8, сүт — 7,1, эт — 6,0. Т. ж. м-н суу жолунун мааниси чоң. Волга, Ока, Вяткада кеме жүрөт.
Ад.: Матвеев Г. П., Привалов-ская Г. А., Хор е в Б. С, Волго-Вятский район. Экономийо-географическая характеристика, М.., 1961; Волга-Вятский район. Экономико-географический обзор (Горький), 1964; Х ор е в Б. С, Волго-Вятский район. Экономико-географический очерк, М., 1964.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *