ВОЛГА БОЮ

ВОЛГА БОЮ, Заволжье —Волга д-нын сол жээгиндеги аймак. Негизинен бийик ж-а жапыз В. б. болуп бөлүнөт. Волга, Урал, Түн. Увал ж-а Каспий бою ойдуңунун арасынан орун алган. Бийик В. б-на Жогорку Кама (бийикт. 337 м), Вятка Увалы Бугульма-Велебей (418 м), Жалпы-Сырт (405 м) дөңсөөлөрү кирет. Ал пермдин кумдук, сланец, чопо, мергель, аки таш теги, доломит, гипс тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи эрозия-лык. Жапыз В. б. түзөң, бийикт. 125—150 м ге чейин. Волганы бойлото тектир тилкелери өтөт. Жайылмала-рын Куйбышев суу сактагычынын суусу каптап жатат. Климаты конти-ненттик. Ландшафттары токой, токойлуу талаа ж-а талаа. Нефтиге бай.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *