ВОЛГА-БАЛТИКА СУУ ЖОЛУ

ВОЛГА-БАЛТИКА СУУ ЖОЛУ В. И. Ленин ат н.— Волганы Балтика деңизи м-н, ал эми Ак деңиз-Балтика каналы аркылуу Ак деңиз м-н бириктирип турган жасалма суу жолу. Бул суу жолун куруу 18-к-дын 1-жарымында Россиянын Балтика деңизине чыгышына ж-а Петербургдун экон. жактан өсүшүнөн улам өлкөнүн ички райондору м-н байланыштыруучу суу жолуна муктаждыктан пайда болгон. Байыркы кезде эле Волганын баш жагынан Балтика деңизине карай соода жолдору өткөн. Бул жолдор аркылуу товарлар ар тарапка, көбүнчө Новгородго, Онега, Ладога көлдөрүнө, Невага ж-а Балтика деңизин көздөй жөнөтүлүп турушу, ыңгайлуу суу жолдорун талап кылды. Ушуга байланыштуу Вышневолоцк суу системасы (1709), азыр В.-Б. с. Ж. деп аталган Тихвин (1811) ж-а Мария (1810) суу системалары курулду. Бул системалар б-ча кеме жүрүү 1914-ж. башталып, бирок кемелердин сүзүүсүнө Ак деңиз ж-а Онега көлүнүн ташкыны тоскоол болгонуна байланыштуу аларды айланып өтүүчү Белозер ж-а Онега каналдары курулган. В.-Б. с. ж. тармагына Щербаков (Рыбинск) суу сактагычы, Белозер каналы, Ковжа д., Мария суу системасы ж-а Онега, Свирь суусу, Ладога каналдары кирет. Суу жолдун уз. НОО км. ден ашык. В.-Б. с. ж. аркылуу жыгач, кара металл ж-а көмүр, туз, нефть ташылат. Бул суу жолунда жүк көтөрүмдүүлүгү 5000 т га чейинки кемелер жүрөт.