ВОЛГА АВТОМОБИЛЬ ЗАВОДУ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВОЛГА АВТОМОБИЛЬ ЗАВОДУ (ВАЗ) — СССРдеги жеңил автомобиль чыгаруучу эң ири ишканалардын бири. Куйбышев обл-ндагы Тольятти ш-нда жайгашкан. Долбоорлоо кубаттуулугу жылына 660 миң машина. Курулушу 1967-ж. башталып, 1970-ж. конвейерден «ВАЗ-2101» тибиндеги алгачкы «Жигули» автома-шинасы чыгарыла баштаган. Завод- дун трансп. конвейер линиясынын жалпы уз. 50 км ге жетип, жүктөө-түшүрүү ж-а склад иштеринин 93% механикалаштырылган. ВАЗ өлкөдөгү бир нече ири ишкана м-н тыгыз байланышта. Мындан тышкары завод СЭВдин ичинде интеграциянын ийгиликтүү өнүгүшүнүн айкын мисалы боло алат. «Жигулигё» радио кабылдагыч Венгриядан, амортизатор Поль-шадан, электр жабдуулары Болгария-дан алынып келинет. 1973-ж. завод 493,3 миң «Жигули» чыгарган. 1974-жылдан күнүнө 2200 машина чыгарууда. Заводдун ВАЗ-2101 ж-а ВАЗ-2102 тибиндеги автомобилдерине мамл. сапат белгиси ыйгарылган (1974). ВАЗ Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1974).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *