ВОКЗАЛ

ВОКЗАЛ (англ. Vauxhall — Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан) — жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. В. автовокзал, аэровокзал, т. ж. вокзалы, деңиз вокзалы ж-а дарыя вокзалы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштырылышы б-ча: акыркы же аяккы, түйүндүү, аралык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жараша: алыскы, жерг., шаар айланасына каттоочу, эл аралык деп аталат. В-дын ичинде жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кызматчылар бөлмөдөрү, буфет, ресторан, мейманканасы ж. б. болот. Жүргүнчүлөрдү тейлөө иши: билет сатуу, аны тиркөө, жүктөрдү кабыл алуу ж-а кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун өз убактысында келүү-кетүүсүн жарыялап туруу ж. б. В. арх-расы адегенде коомдук имараттардын ж-а курулуштардын традициялуу типтеринин таасиринде болгон. 20-к-да пайда болгон транспорттун жаңы түрлөрү (автовокзал-дар, аэровокзалдар) азыркы арх-ра-лык стилде курулган. В. З бөлүктөн— вокзал аянты, жүргүнчүлөр имараты ж-а перрондон турат (причал, дебаркадер, пирс).

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *