ВОЙНА-ДЕГА

ВОЙНА-ДЕГА [амхарча жүзүм зона-сы, гр. oinos (война) — вино] — Эфиопия тайпак тоосундагы 1700—1800 м ден 2400 м ге чейинки бийиктеги «мелүүн» алкак. Жылдын эң жылуу мезгили—март (16—18°С), суук мезгили—июнь (13 С). Жылдык жаан-ча-чыны 1500—2000 мм. В.-Д. алкагындагы кызыл топурактуу платолордо парк саванналары, күрөң топурактуу тоолордо (2100 м ге чейин) жазы жалбырактуу, андан жогору ийне жалбырактуу (тисс, подокарпус) токойлор өсөт. В.-Д-да буудай, арпа, таруу, буурчак, жүгөрү, тэфф ж-а да-гусса, тамеки, чай, цитрус, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Бийиктиги 2000 м ге чейинки жерлерде кофе плантациялары кездешет.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *